Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:47

ИРАК БОЮНЧА ТАЛАШТАР УЛАНУУДА


Ирактагы кырдаал Бириккен Улуттар Уюмунун башкы ассамблеясындагы жалпы саясий талкуулардын, ошондой эле сессиянын ара чолосундагы эки тараптуу жолугушуулардын негизги темасы бойдон калууда. Бу проблеманы шаршемби күнү Нью-Йоркто француз,орус жана немец лидерлери да сөз кылышты.

Иракты кайра куруу маселелерин АКШ менен Франциянын президенттери шейшемби күнү Нью-Йоркто жолугуп, дагы бир ирет талкуулашты. Жорж Буш менен Жак Ширак бул проблеманы чечүүдө биргелешип иштегенге бирин-бири ишендиришти, бирок тараптардын негизги позициялары эки ача бойдон калды. Америкалык президент башкы ассамблеядагы сөзүндө АКШнын Ирактагы аскерий операциясын колдоп, бул иш дүйнөдөгү тынчтыкты жана Бириккен Улуттар Уюмунун аброюн коргоп калуу максатында жасалганын билдирген эле. Буш Ирактагы кайра куруу программасына конгресстен кошумча каражат сураганын айтып, муну Маршалл планынан берки эң ири финансылык адие катары баалады. “Иракка азаттык алып келип, биз өз убадабыздын өтөсүнө чыгабыз, ирак калкына стабилдүү жана баракат коом түзгөнгө көмөктөшөбүз, өз өлкөбүздүн коопсуздугун чыңдайбыз”, - деп айтты Буш.

Француз президенти болсо Ирактагы оккупациянын мөөнөтү канчалык көпкө узарса,кырдаал ошончолук кыйчалыштап кетет деп кооптонот. Ирактыктардын абалы,Ширактын баамында,өтө кыйын.Көөнө маданияты, узак тарыхы бар байыркы бу калк азыр оккупация шартында жашаганга аргасыз болууда. Ошондуктан колдон келишинче аларга бийликти эртерээк өткөрүп берүү абзел. “Бул үчүн канча убакыт керек: үч айбы,жарым жылбы же тогуз айбы? Мен муну так айта албайм, бирок биз бүгүн муну чечебиз”, деп билдирди Ширак.

Бул ойду Бириккен Улуттар Уюмунун башкы ассамблеясына катышканы Нью-Йоркко келген Германиянын канцлери Герхард Шрөдөр да колдоп, Ирактагы өткөөл мезгилдин мөөнөтү канчалык кыска болсо, ошончолук жакшы болор эле, деп билдирди.

Ирактын утурумдук башкаруу кеңеши бийликти өзүнө алганга даяр экендигин ырастап,бери эле дегенде финансы жана коопсуздук структурасын өткөрүп берүүнү суранган эле. Бирок америкалыктар бу сунушту кабыл алышкан жок. Башкаруу кеңешинин мүчөсү Аднан Пачачи өлкөдөгү кырдаалды толугу менен ирактыктар өздөрү контролдош үчүн али убакыт келе элек деп эсептейт, бирок өлкөнүн суверендүү укугу жарыяланса жагдайды жөнгө салганга жардамдашарына ишенет. Башкаруу кеңешинин азыркы лидери Ахмад Чалаби Бириккен Улуттар Уюмунун башкы ассамблеясында эмдиги аптада сөз сүйлөйт. Чалаби Нью-Йоркко келерде эле Вашингтон администрациясына кайрылып, жетекчи функцияларды кеңешке өткөрүп берүү зарылдыгын айткан эле.

Канаданын тышкы иштер министри Билл Грэмдин пикирине ылайык, көп нерсе Бириккен Улуттар Уюмунун ролуна жараша болот. Канадалык министрдин айтымында, Коопсуздук Кеңешинде талкууланып жаткан резолюцияда Улуттар Уюмуна кеңири укуктар берилсе, эл аралык жардам көрсөтүүнүн кеңири механизмдери аныкталса, мунун баары Ирактагы процесстерди ыкчамдатканга өбөлгө түзөт.

Ал эми Ирактын өзүндө башкаруу кеңешинин чечими менен “Ал-Жазира” жана “Ал-Арабия” телеканалдарынын кабарчыларына өлкөдө иштегенге тыюу салынды. Аталган телеканалдарда, америкалык убактылуу администрациянын башчысы Пол Бремердин баасында, ирактыктарды куралдуу каршылыкка көкүткөн репортаждар басымдуулук кылат.

Акыркы маалыматтарга ылайык, Багдадда шаршемби күнү бомба жарылып, жыйырмадай адам жарадар болду.

XS
SM
MD
LG