Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:51

Парламент «Мунапыс жөнүндө» мыйзам кабыл алды


БИШКЕК. Бүгүн Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны «Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 10 жылдыгына жана кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгына байланыштуу мунапыс берүү жөнүндө» мыйзамды президент Аскар Акаевдин каршы пикиринде айтылган сунуштарды эске алуу менен кабыл алды. Мыйзам күчүнө киргенден кийин абактагы 500дөн ашуун адам эркиндикке чыгып, дагы 4500дөн ашуун атуулдардын жаза өтөө мөөнөттөрү кыскарат. 24-июлдагы сунушуна ылайык, президент «жаза өтөө мөөнөтү кыскарып жаткандар экономикалык чыгымдарды төлөгөн учурда гана мунапыс берүү керек» деген жобо киргизүү зарыл деп санаган. Макулдашылган жаңы мыйзамга жараша, кызмат абалынан кыянат пайдалангандар зыян келтирген каражаттын үчтөн бир бөлүгүн мамлекетке кайтарган шартта гана жаза өтөө мөөнөтүнүн үчтөн бир бөлүгү кыскарат. Айрым депутаттар «мындай жобо «Арнамыс» партиясынын азыр камакта жаткан лидери Феликс Куловдун мөөнөтүнөн эрте бошобошу үчүн киргизилди» дешүүдө.
Учурда Кыргызстандын түрмөлөрүндө 19 миңге жакын атуул жазасын өтөп жатат. Мындан тышкары, дагы 17 миң адам убактылуу кармоочу жайларда сот жараянын күтүшүүдө.

XS
SM
MD
LG