Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:08

КЫРГЫЗСТАНДЫН МОСКВАДАГЫ МАДАНИЯТ КҮНДӨРҮ, КАНТТАГЫ ОРУСИЯНЫН АВИАБАЗАСЫ, ИСА АХУНБАЕВДИ ЭСКЕРҮҮ, “КАПКАНГА” ТҮШКӨН АДАХАН МАДУМАРОВ


Бүгүн чыккан Кыргызстандагы басылмаларда Москвадагы Кыргызстандын маданият күндөрү, Канттагы Орусиянын авиабазасы, Кыргыз киносу, белгилүү окумуштуу, хирург Иса Ахунбаев жөнүндө макалаларга орун берилди.

25-сентябрда «Общественный рейтинг» жумалыгынын жаңы саны жарыкка чыкты. Анда Канттагы авиабазанын Орусияга берилишинин пайда-зыяны жөнүндө окурмандардын пикирлери жарыяланды. Окурмандардын айрымдары авиабаза эки өлкөнүн достугуна данакер болуп, терроризмге каршы биргелешип күрөшүүгө өбөлгө түзөөрүн белгилешсе, айрымдары «Манас» аба майданындагы Ганси атындагы авиабазага каршы коюлган кадам катары баалашкан.

Басылмада ошондой эле Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Адахан Мадумаров менен «Менин партиям - бул менин элим» деген маектешүүгө орун берилди. Анда депутат Лениндин эстелигин которуу менен өкмөт мыйзам бузгандыгы, өлкөнүн социалдык-экономикалык абалынын начардыгы, дүйнөлүк кыргыздардын 2-курултайы жана анда кабыл алынган Демократиялык кодекс, Кыргызстандын келечеги, саясий партиялардын биригиши, алдыдагы шайлоолор тууралуу ойлорун ортого салат. «Сиз да президенттик шайлоого талапкер болосузбу?» деген Болотбек Мариповдун суроосуна: «Аны күтө туралы, учуру келгенде көрө жатарбыз», -деп жооп берет Адахан Мадумаров.

25- сентябрдагы «Слово Кыргызстана» басылмасы Москвадагы Кыргызстандын маданият күндөрү жөнүндө репортаж, баяндамаларды жарыялады. Мында Чоң театрдагы Кыргыз маданият күндөрүнүн салтанаттуу ачылышы, Орусия Илимдер академиясындагы жолугушуу жана кыргыз кино кечеси тууралуу баяндалат. “Кыргыз киносунун башатында тургандардын бири А.Михалков-Кончаловскийге өлкөнүн президенти Аскар Акаев «Данакер» орденин тапшырып, москвалыктар «Кызыл алма» жана «Беш кемпир» кино тасмасын көрүшкөнүн” жазат кабарчы Курманбек Мамбетов.

Гезит кыргыз киносунун аксакалы, көп жылдар бою «Кыргызфильм» киностудиясын жана мамлекеттик кино комитетин жетектеген Шаршеналы Усубалиевдин ишмердүүлүгүнө арналган макалага да орун берди.

«Слово Кыргызстана» гезити кыргыздын белгилүү уулу, окумуштуу, хирург жана академик Иса Ахунбаевди эскерген макаланы да жарыялады. «Эгерде, тирүү болсо 25-сентябрда Иса Коноевич 95 жашка чыкмак» деп, анын адамдык, окумуштуулук мыкты касиеттерин эскерет Н. Георгиева.

26-сентябрда чыгууга даярдалдып жаткан «Аалам» гезитиндеги макалалар жөнүндө башкы редактордун орун басары Элнура Кулуева мындай дейт:

-Төртүнчү бетте «Капкан» деген саясий суроо-жооптор бар. Ага бул жолу Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Адахан Мадумаров жооп берет. Кыргызстандын кышка даярдыгы тууралуу экономикалык макала бар. Гезитте «Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу айланасына тууган тааныштарын топтоп алдыбы» деген суроого жооп бар. Ошондой эле, «Майрам Акаева президенттикке ат салышабы?» деген суроого Президент Акаевдин жообун да берип жатабыз.

26-сентябрда басууга даярдалып жаткан «Кыргыз руху» басылмасы өлкөнүн каржы полициясынын мурдагы жетекчиси Туратбек Асанбековдун кызмат абалына байланыштуу макалага орун берилген. Ошондой эле гезитке Нурлан Мотуевдин «Кыргызстанда монархиялык бийлик орношу мүмкүнбү? Президенттикке кимдер талапкер болушу ыктымал?» деген макаласы басууга даярдалып жатат.

26-сентябрда жарык көрчү «Агым» басылмасында «Жолбүгүн» рубрикасында Алым Токтомушев азыркы өкмөттүн абалы, премьер- министр Николай Танаевдин ишмердүүлүгү жөнүндө сөз кылат. Бул гезит өлкөдөгү белгилүү ишкер Алмаз Атамбаев менен маектешүүнү жарыялаганы турат. Анда ага болгон куугунтук, Түркиядагы баш калкалап жүргөн күндөрү, өлкөнүн экономикасын көтөрүү боюнча ойлору, алдыдагы президенттик шайлоо тууралуу пикири айтылат. «Перзиденттик шайлоого катышаарымды азыр айтуу эртелик кылат. Бирок, шайлоого ар качан даярмын» дейт Алмаз Атамбаев.

25-сентябрдагы «Вечерний Бишкек» басылмасы Москвадагы Кыргызстандын маданият күндөрү жөнүндө жазды. Ошондой эле гезитте Бишкектеги 19-кылымдын аягында, 20-кылымдын башында курулган тарыхый эстеликтер, үйлөр бузулуп жатканы тууралуу Владимир Петровдун макаласы басылды.

25-сентябрда чыга турган «Заман Кыргызстан» жумалыгы Канттагы авиабазанын Орусияга берилиши жөнүндө Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттары Кубатбек Байболов менен Азимбек Бекназаровдун кайчы пикирлерин жарыялаганы турат. «Бул - тышкы саясаттын туруксуздугу жана бийликтин алсыздыгынан улам жасалып жаткан окуя. Карапайым калкка эч кандай пайдасы жок», - дейт Азимбек Бекназаров авиабазa тууралуу.

Бул жолу басылманын «Аптанама» рубрикасында Абдыкерим Муратов эл аралык 55 келишимге кол коюлганы менен алар иштебей жаткандыгын, Шериктеш мамлекеттердин кызматташуусунун чабалдыгы жөнүндө кеп козгойт.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG