Александр Костюктун айтымында, ал жакында эле Израилде жана Түркияда болуп келди.Түркиянын Мерсин шаарына барып, ал жерде жайгашкан айыл чарба биржасы менен таанышкан. Биржанын жетекчилери ага төө бурчактын баасы өсүп баратканын айткан.
- Биржада төө бурчактын баасынын динамикасын көргөндөн кийин, мен баа дагы 25-30% өсөт деген ойго келдим. Ошондуктан мен биздин дыйкандарга азыр аны сатаарда баанын өсө тургандыгын эске алсаңар деп айта кетет элем - деди Александр Костюк.
Мерсин шаарында министр төө буурчак менен соода жүргүзгөн ишкерлер менен да жолугушууларды өткөргөн. Алардын айрымдары Кыргызстанга келип, төө буурчак сатып алууга макулдугун беришкен.
- Төө буурчак сатып алуу боюнча Түркиядан дагы 3-4 фирма келе турган болуп жатат. Андан тышкары башка ишкерлер да иштейбиз деп жатышат. Ошондуктан төмөн баа менен сатып ийип өкүнүп калбагыла деп айтып коёюн деп жатам. - деди Александр Костюк.
Анын айтымында, түркиялык ишкерлердин келиши менен төө буурчак сатып алуучулардын ортосунда атаандаштык күчөп, адилет баанын калыптанышы ыктымал.
Буга чейин өкмөт баардык айыл чарба продуктылары сатылып алынарын, бир гана төө буурчак маселеси чечиле электигин айтып келген эле. Өткөн жылы төө буурчактын дүйнөлүк баасы кескин түшүп кеткен. Андан пайдаланып Кыргызстанда төө буурчак сатып алган фирмалар анын баасын өтө эле төмөндөтүп жиберишкен.
Быйыл Кыргызстанда 17 миң гектарга төө буурчак эгилген. Анын 14 миң гектары Талас областында. Азыр анын жарымынан көбүрөөгү жыйнап алынды. Быйыл баардыгы болуп 35 миң тонна төө бурчак жыйнап алынары күтүлүүдө. Үрөндү чыгарып салганда 22-23 миң тонна төө буурчак сатыкка кетүүгө тийиш. Азыр бир килограмм төө бурчактын баасы, министрдин айтымында, 10 сомду түзүүдө.
Алексадр Костюк маалымат жыйынында жалпы жыйым-теримдин жүрүшү тууралуу да маалымат берди. Анын айтымында, жүгөрүнү кошуп эсептегенде, дан эгиндеринин 72% жыйналып алынды. Министр быйыл дан эгиндеринин дүң түшүмү өткөн жылга салыштырмалуу 120 миң тоннага аз болорун айтат. Бирок ал биздин дыйкандар жыйнап алган эгин өзүбүзгө жете тургандыгын жана нан көп деле кымбаттабасын белгиледи.
- Буудайдын чекене баасы өткөн жылы 3 сом 38 тыйынды түзсө, бүгүнкү күнү ал 3 сом 62 тыйын болуп жатат. Айырма чоң деле эмес. Ошондой болсо да даана байкалган өсүү тенденциясы бар. Быйыл буудайдын баасы дагы 50-70 тыйынга өсүп, өткөн жыл менен мурдагы жылдын ортосу болот деп ойлоп жатабыз, - деди Александр Костюк.