МОСКВА. Орусия үч чет элдик жасалма жандоочуну космоско учурду. Британия, Түркия жана Нигерияга таандык спутниктер Жер шарындагы табигый кырсыктарга байкоо жүргүзүшөт. Орусияда учурулган жандоочу - Нигериянын алгачкы спутниги болмокчу. Табигый Кырсыктарга Байкоо Жүргүзүү деп аталган байланыш желеси адистерге кургакчылык жана жер титирөө сыяктуу табигый алааматтар жөнүндө маалымат берип турмакчы.