Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:00

Тажикстандын Исфара районунда кыргыз жана тажик балдарынын «Кол кармашалы, достор» аттуу форуму өттү


БАТКЕН. Форум АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги каржылаган «Фергана өрөөнүнүн чек ара аймактарында иш жүргүзүп жаткан жамааттардын тынчтык демилгелери» долбоорунун алкагында өттү. Ага Тажикстандын Сурх жана ага чектеш Баткен районундагы Миңөрүк, Миңбулак айылдарындагы мектеп окуучулары катышты. Иш-чарага катышкандардын арасында жогоруда аты аталган долбоордун менеджери Марк Болденбаум, эки тараптагы жергиликтүү бийлик органдарынын жана айрым бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү да болушту. Чектеш аймактарда алгач ирет өтүп жаткан бул форумдун максаты - кошуна эки элдин жеткинчектеринин ортосундагы достукту жана өз ара тынчтык мамилелерин чыңдоо. Анда кыргыз жана тажик балдары «Айыл көйгөйлөрүн чечүүгө менин салымым» деген тапшырманын астында кичи топторго бөлүнүп иштеп, өз ойлорун ортого салышты. Жыйынды эки элдин ырлары, бийлери, түрдүү оюн-зооктор коштоду. Мындай иш-чараны өткөрүү тууралуу коңшулаш айылдарда жашаган балдар өздөрү демилге көтөрүп чыгышкан.


Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Бурулкан Сарыгулова жана Аманбек Жапаров

Редактор – Жыргалбек Касаболотов

XS
SM
MD
LG