Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:47

«Кант» аба майданына Орусиянын аскердик авиабазасын жайгаштыруу жөнүндөгү макулдашууну ратификациялоо маселеси кайчы пикирлерди пайда кылууда


БИШКЕК. Орусиянын аскердик авиабазасын Кантка жайгаштыруу жөнүндөгү жакында эле кол коюлган кыргыз-орус макулдашуусуна карата парламенттин депутаттары кайчы пикирлерин айтышууда. Андыктан бул документти парламентте ратификациялоо айрым бир талаш-тартыштарды жаратышы мүмкүн. Маселен, Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Адахан Мадумаров «бул макулдашууга кол коюуда Кыргызстандын мыйзамдары бузулган» деп эсептейт. «Азырынча бул иштер Конституциянын чегинде жасалбай жатат. Азыркыга чейин Орусиянын аскердик авиабазасын Кантка жайгаштыруу боюнча парламент өз позициясын билдире элек. Мен АКШнын да, Орусиянын да авиабазаларынын Кыргызстанда жайгаштырылышына каршымын. Кыргызстан өзүнүн ордун дипломатиялык жолдор менен бекемдеши керек», - дейт депутат А. Мадумаров. Ал эми Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты, коммунист Орозбек Дүйшеев «Орусиянын авиабазасы Кыргызстан үчүн керек» деп эсептейт. «Өз чек арасын коргогонго Кыргызстандын күчтөрү жетишсиздик кылат. Андыктан Орусиянын авиакүчтөрүнүн Кыргызстанда жайгаштырылышы Кыргызстан үчүн пайдалуу болот», - дейт Орозбек Дүйшеев. Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Ишенбай Кадырбеков болсо «Кыргызстан Кант маселесинде Орусиянын айтканын аткарып жатат» деген көз карашта.


Кабарлар топтомун Бишкектен даярдаган Азиза Турдуева

Редактор – Жыргалбек Касаболотов

XS
SM
MD
LG