Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:00

Депутат А.Бекназаров Рим статутун Жогорку Кеңешке ратификацияга жиберүүнү өлкөнүн жетекчилерине сунуш кылды


БИШКЕК. «А.Акаевди кызматтан кетирүү, эл үчүн реформа жасоо» кыймылынын жетекчиси, Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Азимбек Бекназаров президент Аскар Акаевге, премьер-министр Николай Танаевге кайрылуу жолдоду. Өз кайрылуусунда ал аткаруу бийлиги тарабынан буга чейин кол коюлган Эл аралык кылмыш сотунун Рим статутун Жогорку Кеңешке ратификациялоого алып келүүнү өтүндү. А. Бекназаровдун айтымында, аталган келишимге президенттин жана премьер-министрдин макулдугу менен Конституциялык Соттун төрайымы Чолпон Баекова 1998-жылы декабрда кол койгон. «Ошол келишим Жогорку Кеңеште ратификация болбогондугуна байланыштуу Кыргызстандын атуулдары Эл аралык сотко кылмыш-жаза иштери боюнча апелляциялык арыз менен кайрыла албай келатышат», - деди А. Бекназаров. Кылмыш-жаза иштери боюнча Рим статутуна дүйнө жүзү боюнча 136 өлкөнүн жетекчилери кол коюшкан. Анын ичинде 87 өлкөдө бул келишим ратификацияланган.

XS
SM
MD
LG