Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:37

БИШКЕКТИН БАЗАРЛАРЫНДАГЫ СООДАГЕРЛЕР ИШ ТАШТАШТЫ


29-сентябрда Бишкектеги «Дордой», «Ош», «Ортосай», «Аламүдүн» базарларынын контейнерлерде соода кылган ишкерлери иш ташташты. Алар өкмөттүн контейнерде касса аппаратын коюу тууралуу чечимине нааразылык билдирип жатышат. Бийлик өкүлдөрү болсо «базарларда эсепке алынбаган акча көп жүгүртүлүп жатат, ишкерлер салыктан качып атышат» деген пикирлерин айтышууда.

Дүйшөмбү күнү Бишкектин ири базарларындагы контейнерлерде соода кылгандар ишке чыгышкан жок. «Дордой», «Берекет», «Ортосай», «Аламүдүн» базарларынын ишкерлери өкмөттүн базарларга касса аппаратын киргизүү тууралуу токтомуна нааразылык билдиришүүдө. «Берекет» базарында контейнерде соода кылган Курманбү Касымова - кирешесинен кечип, жумушка чыкпаган миңдеген ишкерлердин бири.

- Бүгүн базардагылар иш таштап, жумушка чыгышкан жок, - дейт ал. - Себеби, касса аппаратынын киргизилип жатканына каршыбыз. Ансыз деле орун кымбат, бажы төлөмдөрү, салык кымбат. Антип соода кылгандан көрө ишти жыйыштырып, баарыбыз тарап кетебиз.

Курманбү Касымованын сөзүн «Берекет» базарында иштеген, өзүн Асылбек деп тааныштырган маектешибиз да мындай деп улады:

- Касса аппаратынын киришине мен да каршымын. Бизге эч кандай деле тыйын калбайт. Ансыз деле «электрге», «орунга», «таштанды чыгарганга» деп көп акча төлөйбүз.

Финансы министрлигинин алдындагы Киреше боюнча комитеттин төрагасы Аскарбек Шадиевдин айтымында, касса аппаратын киргизүү боюнча демилге Тышкы соода жана өнөр жай министрлигине таандык.

- Демилге бизден чыккан эмес, - дейт Аскарбек Шадиев. - Тышкы соода жана өнөр жай министрлиги ушундай сунуш киргизип, өкмөт токтом чыгарган. Биз аткаруу бийлиги катары ал токтомду аткарышыбыз керек. Бул маселе боюнча курамына базардын ээлери, шаар бийлигинин өкүлдөрү жана кесиптик бирикмелердин өкүлдөрү кирген комиссия түзүлгөн. Азырынча бир жыйынтык чыга элек.

Аскарбек Шадиев «касса аппараты жүгүртүүдө 300 миң сомдон көп каражаты бар ишкерлерге гана коюлат» дейт.

- Айрым контейнерлердин жүгүртүп жаткан каражаттары 300 миң сомдон көп. Бирок, бардык контейнерлер айына 1300дөн 2500 сомго чейин салык төгүшөт. Бул менимче аз. Анткени орто жана чакан бизнес бүгүнкү күндө ички дүң продуктунун 40-45% берип жатат. Бирок биздин эсеп боюнча алар реалдуу салыктын 1/10 гана бөлүгүн төгүп жатышат, - дейт Аскарбек Шадиев.

Контейнерлердеги ишкерлер сыяктуу эле базарлардын жетекчилери да касса аппаратынын коюлушуна каршы болушууда. Алардын бири – «Дордой» соода комплексинде контейнерлери бар «Алканов жана компания» фирмасынын директору Райкан Алканов. Анын айтымында, касса аппаратын киргизүү боюнча чечим кабыл алуудан мурда бийлик өкүлдөрү базарда иштегендердин ой-пикирин бир да жолу сурап коюшкан жок.

- Президент Аскар Акаев «ишкерлерге тийбегиле, ишкерлерге шарт түзгүлө» дегенин эч ким түшүнбөй, укпай жатат. Чиновниктер бизге окшогон базардын жетекчилери менен, базарда соода кылгандар менен бир ооз да кеңешкен эмес. Бул таптакыр туура эмес, - дейт Райкан Алканов.

Анын пикиринде, касса аппаратын киргизүү өкмөткө да, казынага да, ишкерлердин өздөрүнө да кылдай пайда алып келбейт. Пайданы орто жолдон «чек урган жоксуң!» деп соодагерди коркуткан салык кызматкери көрөт.

- Салыкчылар контейнердин жанында аңдып турушат. Анан аларман чыккандан кийин андан сурайт, «чек алдыңбы» деп. Чектин аларманга эмне кереги бар? Ал товарын алат да, кетет. Салыкчы болсо сатуучуга кирип, ага чоң өлчөмдөгү айып салат. Анан сатуучу ага жалдырап, мамлекетке эмес, ошол салыкчынын өзүнө акча берип кутулат. Ошентип, бул казынага да, ишкерлерге да пайда бербейт, текшерген киши гана пайда көрөт, ортодон - деп нааразы болду Райкан Алканов.

Иш таштагандар «үч күн бою нааразылык акциясын улантабыз» деп жатышат. Бийлик менен ишкерлердин ортосундагы мындай тирешүүнүн соңу эмне менен бүтөөрү азырынча белгисиз.

XS
SM
MD
LG