Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:26

АКШда жаңы чатак башталууда


АКШнын демократиялык партиясынын мүчөлөрү Борбордук чалгындоо кызматынын кызматкеринин атынын ачыкка чыгарылышын көз карандысыз иликтөөгө Акүйдү чакырды. Америкалык гезиттер Акүйдөгү расмий өкүлдөргө шилтеме жасап, мурдагы дипломат Жо Уилсондун жубайы Борбордук Чалгындоо Кызматынын мүчөсү экенин жазып чыккан. Акүй өз кезегинде Президент Жорж Буштун жакын кеңешчилеринин биринин ага тиешеси бар деген маалыматты төгүнгө чыгарды. Жо Уилсонду бийлик Ирактын Нигериядан уран сатып алуу аракетин иликтөө үчүн 2002-жылы Нигерияга жиберген жана ал иликтөөсүнүн жүрүшүндө андай факт жок экендигин аныктаган. Бирок Акүй Уилсондун маалыматын эске албай, Ирак согушун баштаган. Дипломат Уилсон эмне үчүн анын маалыматы эске алынбаганын тактап, Акүйдү сындаган эле. Эксперттер Уилсондун мына ушул аракети үчүн жубайынын тыңчы экендиги ачыкка чыгарылган деп шекшүүдө.

XS
SM
MD
LG