КАРАКОЛ. Кайрылуу 21 барактан туруп, ага бул райондун Барскоон, Тамга, Тосор, Чоңжаргылчак жана Кичижаргылчак айылдарынын 598 тургуну кол коюшкан. Кайрылууга 1998-жылы 20-майда автокырсыкта «Кумтөр» компаниясынын машинасынан Барскоон суусуна төгүлгөн цианид айылдыктардын ден соолугуна терс таасир эткени негиз болгон. Маселен, «Кумтөр оперейтинг компанинин» 2002-жылдын 3-сентябрындагы катынын негизинде Барскоон айылдык ооруканасына 3 млн. 535370 сом жана 15775 доллар берилген. Бирок акча каражаттары кайда жумшалганы тууралуу так маалымат жок. Ошондуктан кайрылуу ээлери бул чыгымдардын так эсебин элге ачык жарыялоону талап кылышты.
Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Бүбүкан Досалиева жана Бакыт Аманбаев
Редактор – Жыргалбек Касаболотов
Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Бүбүкан Досалиева жана Бакыт Аманбаев
Редактор – Жыргалбек Касаболотов