Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:15

Кыргыз президенти БУУнун Башкы Ассамблеясынын сессиясына катышат


БИШКЕК. Эртең АКШнын Нью-Йорк шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 58-сессиясына катышканы Кыргызстандан президент Аскар Акаев баштаган делегация Нью-Йоркко барат. Сессиянын күн тартибинде эл аралык терроризм менен күрөш, коопсуздук, жакырчылыкты азайтуу, массалык кыргын салуучу куралдарга тыюу салуу жана ачкачылыкка каршы күрөш сыңары маселелер бар. Буларды талкуулаш үчүн сессияга 58 мамлекеттин башчысы, 29 мамлекеттин премьер-министрлери жана 100дөн ашуун өлкөнүн тышкы иштер министрлери чогулушкан. Тышкы иштер министрлиги тараткан маалыматка караганда, А. Акаев БУУнун Баш катчысы Кофи Аннан менен жолугушат. Ал жолугушууда А. Акаев эл аралык терроризмге жана уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча эл аралык конвенциялар менен протоколдорго Кыргызстандын катышканын ырастаган грамотаны К. Аннанга тапшырат. Ал эми «Арнамыс» партиясынын АКШ менен Канадада жүргөн мүчөлөрү сессия убагында БУУнун имаратынын алдына чогулуп, Феликс Куловду камактан бошотууну талап кылган пикет өткөрүшөт. Мындай маалымат «Арнамыс» партиясынын штабынан алынды.

XS
SM
MD
LG