Аскери командачылыктын өкүлү ырастагандай, кечээ Пактика провинциясында талиптердин отряддары менен кагылыштар тутанып, ооган өкмөтүнүн аскерлери эки адамын жоготту, америкалык эки жоокер жарадар болду. Германиянын БУУдагы элчиси Ооганстанда эл аралык коопсуздук контигентинин күчтөрүн Кабулдан тышкары дагы сегиз шаарга жайгаштырууну сунуш кылды. Контингентке ушу тапта колбашчылык кылып жаткан НАТО бул сунушка макул болгондугун белгилеп, немец элчиси БУУнун коопсуздук кеңеши эл аралык контингенттин мандатын кеңейтүү боюнча жаңы резолюция кабыл аларына ишенич билдирди.