Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:18

Улгайган адамдарга камкордук көрүүнүн бир айлыгы башталды

БИШКЕК. Бүгүн Улгайган адамдардын эл аралык күнү Кыргызстанда да белгиленип, жер-жерлерде ага арналган жыйындар болду. Эмгек жана социалдык коргоо, Саламаттык сактоо министрликтери, Социалдык фонд карылар үйлөрүндөгү улгайган адамдарга белек-бечкек, дары-дармек тапшырышты. Бишкек мэриясы 3-кичирайондо карылар үчүн атайын медициналык жай ачты. Ушундай эле иш-чаралар өлкөнүн облустарында да өткөрүлдү. Өкмөттүн токтому менен ушул күндөн тартып улгайган адамдарга камкордук көрүүнүн бир айлыгы башталды.


Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Бүбүкан Досалиева жана Бакыт Аманбаев

Редактор – Жыргалбек Касаболотов
XS
SM
MD
LG