Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:11

Бишкекке Европа комиссиясынын делегациясы келди


БИШКЕК. Бүгүн Кыргызстанга Европа комиссиясынын тышкы байланыштар боюнча директорлугунун башчысы Юг Мингарелли иш сапары менен келди. Юг Мингарелли Еврокомиссиянын Чыгыш Европа, Кавказ, Борбор Азия мамлекеттери жана Монголия менен кызматташтыгын тейлейт. Ал премьер-министр Николай Танаев, вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев, тышкы иштер министринин орун басары Жээнбек Кулубаев, бейөкмөт уюмдардын жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен жолугушту. Өкмөт өкүлдөрү менен жолугушууда Еврокомиссия менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташтыкты өркүндөтүү тууралуу сөз болду. Ал эми бейөкмөт уюмдар менен жолугушууда Еврокомиссиянын өкүлү адам укуктарынын жана эркин массалык маалымат каражаттарынын абалынан кабар алды. Юг Мингарелли Еврокомиссия Кыргызстан менен жакырчылыкты азайтуу, атуулдук коомду калыптандыруу жана Борбор Азиядагы мамлекеттердин өз ара алакасын жакшыртуу багытында иш алып бараарын билдирди.

XS
SM
MD
LG