Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:43

АМЕРИКАЛЫК ИЛИКТӨӨ ТОБУ АКШнын МУСУЛМАН ДҮЙНӨСҮНДӨГҮ БЕДЕЛИНИН ТҮШҮҮСҮНӨ ТЫНЧСЫЗДАНАТ


Шаршембиде, октябрдын 1инде Вашингтондо АКШ Конгрессинин жактыруусуна ээ болгон баяндама жарыяланды. Анда араб жана мусулман дүйнөсүндө улам күч алган анти-америкалык маанайды басайтуу зарылдыгы айтылган.

Бул көз карандысыз баяндама 81 беттен турат. Аны өкмөткө багыныңкы болбогон он үч адис даярдаган. “Маанайды өзгөртүү, тынчтыкка жетишүү” деп аталган бул баяндаманын автордук тобунун жетекчиси Эдуард Жериян – АКШнын Сирия менен Израилдеги мурдагы элчиси. Ушул тапта ал Техаста Райс университетинде профессор.

Жерияндын оюнча, бул баяндама ислам дүйнөсүндөгү АКШга карата маанай маселесинде Кошмо Штаттардын бийлигин жана калкын “ойготуу” мүдөөсүн көздөйт. Изилдөөчүлөр тобу Ирактагы согуштан улам араб жана мусулман дүйнөсүндө АКШны жек көрүү сезими өтө олуттуу деңгээлге өсүп чыкканын санааркоо менен белгилешет. Алар келтирген мисалдардын бирин айта кетели: эгерде 2002-жылдын жай мезгилинде сурамжыланган иорданиялыктардын чейрек бөлүгү АКШны жактаарын айтышса, быйыл жазында алардын катары суюулуп, бир гана пайыз иордандык Америкага ылым санаарын билдирген.

Араб жана мусулман өлкөлөрүнүн бир даарында сыналгы жана үналгы түйүндөрү АКШга каршы бир тараптуу берүүлөрдү байма-бай уюштуруп жатканы да баяндамада белгиленет. Жериян мырза “ал-Арабиййа” аттуу сыналгы каналынын “Исламдын америкаланышы” деген берүүсүнүн мазмуну тууралуу “Азаттыкка” мындай дейт:

- Сыналгыдагы ошол талкуу учурунда америкалык тараптын көз карашын туюнткан, дин, ишеним эркиндиги сыяктуу америкалык асыл-нарктарды, америкалык саясатты жактап айткан эч бир киши болгон жок. Бул – бир гана мисал.

Ал жетектеген иликтөө тобу АКШ өкмөтүн да курч сынга алган. Америкалык асыл-нарктарды мусулман дүйнөсүнө кеңири таанытуу багытындагы программалар кансыз согуш бүткөн соң кескин кыскарганы туура эмес болду, - дешет баяндаманын авторлору.

Албетте, мындай үгүт жүргүзүү жааты – оңой-олтоң маселе эмес. Айрым учурда АКШ өкмөтү кээ бир авторитардык режимдер менен «мышык-чычкан» оюнун ойноого мажбур.

Бул тууралуу «Юнайтед Пресс Интернешнл» агенттигинин өкүлү, журналист Эли Лейк мындай дейт:

- Деги, көп жагынан авторитардык тартиби менен айырмаланган Мысыр, Пакистан же Сауд Арабстандын өкмөттөрү террорчулукка каршы согушта АКШга шерик болуп жаткан чакта, Сиз кантип бул өлкөлөрдүн тургундарына Кошмо Штаттар аялдар менен эркектердин теңдигин жактайт деп айтып, аларды өзүңүзгө ынандыра аласыз?

Мындай сынды Жериян да колдоого алат. Бул сыяктуу калпыс жактарына карабастан, АКШ дипломатиясы бул өлкөлөргө демократиялык баалуулуктар жөнүндө маалымат таркатууну жигердүү улантышы керек, - дейт Жериян.

Атуулдук коомду куруу сыяктуу идеяларды таркаткан коомдук дипломатия үчүн АКШ өкмөтү былтыр 1 миллиард доллар каражат жумшаган. Бул – Коргоо министрлигинин, башкача айтканда, Пентагондун жылдык бүжөтүнүн бир пайызынын ондон үч гана бөлүгүн түзөт.

Чыгыш Европадагы коммунизмге каршы кансыз согуш аяктады. Бирок террорчулукка каршы маалымат согушу эми гана жанданууда. АКШ адистеринин оюнча, карапайым мусулмандардын жана байистүү мусулман диниятчыларынын маанайын оңдоп, аларды демократиялык баалуулуктарды колдогон тарапка имерүү – азыркы идеологиялык атаандашуунун башкы көйгөйүнөн болмокчу.
XS
SM
MD
LG