Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:45

АБДИЛ СЕГИЗБАЕВ: «БАСЫЛМАЛАРДЫ СОТКО БЕРҮҮ БИЗНЕСКЕ АЙЛАНЫП БАРАТАТ»


Кыяс Молдокасымов, Бишкек Соңку учурларда Кыргызстанда эркин маалымат каражаттарын сот аркылуу доого жыгып, аларды жаптыруу аракеттери күч алып кетти. Айрым аналитиктер мындай көрүнүштү алдыдагы парламенттик жана президенттик шайлоолордун алдында жол тазалоо катары баалашса, айрымдары муну өлкөдөгү маалымат каражаттарынын чабалдыгынан көрүшөт. Сөз эркиндигине каршы мындай аракеттер коомчулук тарабынан да терс кабыл алынууда.

Айрым маалымат каражаттарына каршы сот жараяндары кыргыз коомчулугунун гана эмес, эл аралык уюмдардын да назарын буруп келет. Ар дайым ой-пикирин тайманбай эркин айтып келген элдин үнүн демократиялык коомдо кысмакка алуу аракеттери кыргыз коомчулугу үчүн өөн учурап жатканын эксперттер да эскертип келишет. Соңку жылдары сот аркылуу жабылган басылмалардын саны 10го чукулдап калды. Алардын дээрлик баары бийликти катуу сынга алган эркин гезиттер экени талашсыз. Алардын мындай тагдырга туш болушун көпчүлүк эксперттер аткаруу бийлиги менен сот бийлигинин адилетсиздигинен көрүшөт. Мындай пикир менен «Замандаш» журналынын башкы редактору Абдыкерим Муратов да макул:

- Сот бийлиги, мамлекеттик бийлик жана айрым адамдар басма сөздүн баркын түшүрүп жиберишти. Басылмалар мурдагыдай барктуу болбой калды. Кээ бир учурда гезит-журналдар көрүнгөндүн тепкисинде калып атат. Азыр соттун алдында Кыргызстандын басма сөзү аябай эле алсыз болуп турат. Эгерде сот жараяндары аркылуу басма сөз ушинтип ооздуктала берсе, бара-бара өлкөдө басылмалардын абалы өтө оор болот да, бардыгы банкротко учурап өзүнөн-өзү жок болот.

Президенттин басма сөз катчысы Абдил Сегизбаев да басма сөз каражаттарына каршы соттук доо арыздар көп болуп жатканын, айрым адамдар басылмаларды сотко берүүнү баюунун жеңил жолуна айландырып алышканын айтат:

- Соңку учурларда ар кайсы гезиттерге, радиостанцияларга, телекомпанияларга каршы соттук доо арыздар көп болуп жатат. Эми муну түшүнсө болот. Ар кандай адамдар бар. Көп учурларда ошентип сотко арыздануу бизнеске айланып баратат. Мисалы, кээ бир адамдар сот аркылуу миңдеген сомдук доо коюп, анан ошону маалымат каражаттарынан өндүрүп алганга аракет кылышат экен. Карама-каршылык же түшүнбөстүк пайда болгондо ошол эки тараптын пикирин угуп, коомчулукка кайрылып, коомчулуктун сыны аркылуу ортодогу араздашууну сотко жеткирбей алдын алып бүтүрүүгө, токтотууга аракеттенишибиз керек.

Президенттин басма сөз катчысы Абдил Сегизбаевдин пикири менен көпчүлүк эксперттер да макул. Алардын ырастаганына караганда, байлыкка, бийликке көзү кызарган айрым адамдар ар кандай жол менен өз максатына жетүүгө аракет кылышат. Акыры түбү келип эле мындан маалымат каражаттары жабыр тартышат. Сот аркылуу доого жыгылып, 10 айдан бери чыкпай келген «Кыргыз ордо» гезитинин башкы редактору Бекен Назаралиев соттор Ѳкмөт Үйүнө көз каранды экенин, ал эми Ѳкмөт Үйүндөгүлөр мамлекет башчысынын каалоосун орундатышаарын эске салат. Бекен Назаралиев:

- Бүгүнкү күндө сот системасы «Ак Үйгө», президентке көз каранды. Эгерде сот өз чечимин биздин редакциянын кызыкчылыгына чече турган болсо, ошол судья эртеси эле кызматынан кетээри бышык. Ошондуктан судьялар андай кадамга эч качан барышпайт. Биздеги басма сөз боюнча мыйзамдарды карап, өзгөртүүлөрдү киргизбесе болбойт. Реформа керек. Анткени бизге койгон 350 миң сом, же «Моя столицага» койгон ар бир соттогу 500 миң сомду биздин редакциялардын бири дагы төлөй албайт. Аны бийликтегилер жакшы билишет. Ошол ири суммадагы айыппулдар - редакцияларды муунтуштун гана жолу. Мына, бүгүнкү күндө Аскар Акаевдин жасап аткан саясаты Лукашенкодон айырмасы жок болуп калды. Бул азыр чет өлкөлүктөргө жашыруун эмес. Кыргызстанда демократиянын күнү батып бараткандай элестелип атат. Тигил жакка карап күлүп коюп, бул жакты карап тымызын каарын салып, саясатты оюнга айландырбаш керек.

Эркин маалымат каражаттарына карата мындай мамиледен улам дүйнөлүк коомчулукта Кыргызстандын кадыр баркы жылдан-жылга төмөндөп келет. Буга иралды эркин маалымат каражаттары эмес, аларды сот аркылуу ооздуктоого аракет кылган бийлик өзү күнөөлүү экени айтылат. Бул тууралуу Абдил Сегизбаев мындай дейт:

- Эмне үчүн биздин өлкөнүн аброюна бул терс таасир этип атат? Көп учурларда эл аралык уюмдар сот жараяндарынын санына карап эле субьективдүү чечим чыгарып коюшат экен. Менин оюмча бул туура эмес. Ошол соттошуулар аркылуу биз республиканын аброюна шек келтирип атабыз. Ошондуктан менимче биринчи иретте ошондой соттошуулардын алдын алып, аларды азайтканга аракет кылышыбыз керек.

Албетте, соттошуулардын санын азайтуу карапайым калктын колунда эмес экени белгилүү. Ал, президенттин басма сөз катчысы айткандай, байлык менен бийликке умтулган кээ бир адамдардын колунда экени талашсыз. Аны кийинки кезде маалымат каражаттарынын айланасындагы окуялар да бышыктап жаткандай.
XS
SM
MD
LG