Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:10

АТУУЛДУК КООМ КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ ТУРА АЛАБЫ?


3-октябрда «Атуулдук коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюму «Коррупция –демократиянын коркунучу» деген темада «тегерек стол» жыйынын өткөрдү. Ага депутаттар, журналисттер, саясий партиялардын, эл аралык жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышып, Кыргызстандагы коррупцияга каршы күрөштүн багыттарын талкуулашты.

«Коррупция – демократиянын коркунучу» аттуу «тегерек стол» жыйыны «Атуулдук коом, бийлик бутактары, массалык маалымат каражаттары коррупцияга каршы кантип күрөшүшү керек?» деген суроого жооп табуу максатын көздөдү. Андыктан жыйындын катышуучулары коррупциянын кандай көрүнүштөрү күч алып, ага кандай жагдайлар өбөлгө түзүп жатканын аныктап алууга аракет кылышты. Адегенде бул боюнча Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Орозбек Дүйшеев сөз баштады. Ал Кыргызстанда коррупция эгемендиктин алгачкы жылдарында башталып, анын көч башында Борис Бирштейн турганын, бирок бийликтин кол ийрисине тарткан саясатынан улам Бирштейн баштап кеткен «алтын чатагы» боюнча бир да киши жазаланбаганын белгиледи. О. Дүйшеевдин баамында, минтип кылмышты жазасыз калтыруу коррупциянын күчөшүнө өбөлгө болуп, ал азыр бардык тармактарды камтып, Кыргызстан коррупция катуу жайылган өлкөлөрдүн 96-сы болду. Депутат коррупцияга каршы тезинен чара көрүлбөсө, ал бара-бара өлкөнү анархияга алып бараарын эскертти. Ал эми «Республика» партиясынын төрагасы Гияз Токомбаев Кыргызстанда азыр экономикадагы, мекемелердеги коррупция артта калып, саясий коррупция күч алып кеткендигин айтып өттү.

- Биздин республикада өкмөттү жактаган саясий партиялар өнүгүп жатат. Алардын жетекчилери, тактап айтканда, губернаторлор административдик–финансылык ресурстарды колдонуп жатышат. Алар партияга мүчөлүккө мажбурлап киргизип, каражат жагынан колдоо көрсөтүшүп, конференцияларды өткөрүүгө шарт түзүп жаткан кези. Бул саясий коррупциянын башкы көрүнүшү. Андан тышкары, Кыргызстанда мыйзамдардын баары президент баштаган жогорку бийлик өкүлдөрү кызматта турган кезинде жасаган мыйзамсыз иштери үчүн кийин жооп бербегидей кылып түзүлгөн. Бул саясий коррупциянын дагы бир көрүнүшү, - деди Гияз Токомбаев.

Ал эми «Рентонгрупп» компаниясынын алданып калган инвесторлорунун төрайымы Татьяна Дагазиева бийлик органдары коррупциянын күч алышына өздөрү өбөлгө түзүп жатканын айтты. Ал буга лицензиясы жок туруп облигация чыгарган «Рентонгруппту» мисал келтирди.

- Бизде бала баккан жүз аял бар, бирок балдарынын баары кароосуз калган. Пак башкарган компаниянын кыңыр иштери тууралуу өкмөткө, президенттик администрацияга, Юстиция министрлигине, Башкы прокуратурага, Баалуу кагаздар фондуна төрт жолу маалымат берилген экен. Алардын бирөө да козголуп коюшкан эмес. Пак облигациясы түгөнгөн кезде алардын унчукпаган макулдугу менен векселдерди чыгарган. Булар ага эмне үчүн уруксат беришти? Алар анын акчасы үчүн гана унчугушкан эмес. Бизде жакшы мыйзамдар бар, бирок алардын аткарылышына көзөмөл жок, - деди Татьяна Дагазиева. Ал мамлекеттик бийлик өкүлдөрүнүн ушундай коррупциялашкан аракеттерине каршы атуулдук коомдун бирдиктүү аракети зарыл экендигин баса белгиледи.

Коррупцияга каршы күрөшүүгө карапайым элдин өзүн тартуу зарылдыгын депутат Орозбек Дүйшеев да баса белгилеп, адатта куулук-шумдуктан алыс жүргөн, чынчыл эл чыдабай калгандыгын мындайча билдирди:

- Биздин оюбузча, элибиз баарын түшүнүп калды. Мурун көбү түшүнбөй, жөн эле «пара алгандык» деп жүрүшчү да. Бул андан чоң, ирилешкен, бириккен көрүнүш экендигин туура түшүнүштү. Ошондуктан биз аларды уюштуруп, өз укуктарын пайдаланганга үйрөтүшүбүз керек.

«Атуулдук коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюмунун төрайымы Төлөкан Исмаилова «Коррупция менен күрөшүү боюнча Кыргызстандын демократиялык күчтөрүнүн альянсы» деген бирикме түзүлгөнүн билдирди. Анын маалыматына караганда, алъянстын курамына 14 саясий партия, коомдук жана бейөкмөт уюмдар кирет.

- Бир жылдын ичинде альянс же атуулдук коомдун коррупцияга каршы күрөшө турган тобун түзгөнгө аракет кылдык, - деди Төлөкан Исмаилова. - Ошонун негизинде азыр 14 уюмдун макулдашуусуна кол коюлду. Биздин эң негизги программабыз боюнча Кыргызстандын 22 айылында иш жүргүзүлөт. Анда 660 активдүү мүчөбүз айыл өкмөттөн баштап улуттук өкмөткө чейинки бийлик органдарынын жакшы иштешине кандай өбөлгөлөр зарыл экенин такташат. Менин оюмча, атуулдук коом коррупцияга каршы жалпы улуттук деңгээлде, атуулдардын катышуусу менен иштемейинче, тышкы карызды же жакырчылыкты жок кыла албайбыз. Биз ушул ниет менен иштеп жатабыз. Саясатчыны сындаганга ар бир адам укуктуу. Анткени, саясатчылар жакшы иштеши үчүн дайыма ошондой электен өтүшү зарыл. Буга кыргыз коомчулугу, премьер-министр да, президент да көнүшү керек. Атуулдардын көз карашы ачык айтылып, алар талкуулоо процессине катышканда гана биз «демократиялык, мыйзамдуу өлкөдө жашап жатабыз» деп айта алабыз. Эл сөзсүз түрдө коррупцияга каршы иштеши жана аны түшүнүшү зарыл экендигин айтып жатабыз.

Төлөкан Исмаилованын айтымында, альянс Интернетте өз баракчасын ачты. Анда Кыргызстандын 22 жеринде байкалган коррупциянын көрүнүштөрү тууралуу маалыматтар «Коррупция», «Паракорлук» жана «Укук» деген темаларда жарыяланып турат.

Жыйында эркин маалымат каражаттары менен бийлик өкүлдөрүнө каршы сын айткан атуулдардын дымагын басуу аракеттери күчөп бараткандыгы Н.Танаев соттошуп жаткан пенсионер М.Корсунскийдин жана «Аалам» гезитинин мисалында талкууланды.

XS
SM
MD
LG