Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:39

ПАРИЖ БАЛБАНДАРДЫН БАГЫН СЫНАЙТ, ЖЕ АЛАТООДОН АЛТОО


3-октябрда Францияда грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионаты башталды. Бул дүйнөлүк таймашка Кыргызстандын тандалган 6 балбаны да катышууда.

Кыргызстан эгемен мамлекет болгондон бери грек-рим күрөшү боюнча Азия, дүйнө чемпионаттарында кыргыз туусу көтөрүлүп, балбандарга жол ачылды. Кыргызстандын тарыхында грек-рим күрөш боюнча дүйнө чемпионатында мөрөй алып, өлкөнү тааныткан, Азиянын эки жолку чемпиону, Азия оюндарында эки ирет күмүш байге уткан Раатбек Санатбаев болду. Ал 1999-жылы Грецияда өткөн дүйнөлүк таймашта коло медаль жеңип, мыкты балбандардын сабында турган. Эми болсо ошол даңазалуу балбан Раатбек Санатбаев өлкөнүн тандалма командасын Францияда башталган дүйнө чемпионатына машыктыруучу болуп, баштап барды.

Кыргызстандын грек-рим күрөш чеберлери жаштар жана өспүрүмдөр арасында гана дүйнөлүк биринчиликтерде баш байге уткан учурлар болгон. Азыр кыргыз балбандарынын табына келип турганы - команданын капитаны, 23 жаштагы Уран Калилов. Ал жаштар арасында дүйнөнүн эки жолку чемпиону. Азиянын чемпиондугун да утуп, 2002-жылы Түштүк Кореянын Пусан шаарында өткөн XIV Азия оюндарында коло медаль тагынган. Сидней Олимпиадасында 10 мыкты балбандын катарына да кирген.

Уландар арасындагы дүйнөлүк биринчиликтерде Канат Бегалиев, Жанарбек Кенжеев, Данияр Көбөнов жана Чыңгыз Коңурбаев байгелүү орундарга жетишкен. Москвада өткөн Балдардын бүткүл дүйнөлүк биринчи оюндарында коло медаль жеңип алып, келечегинен үмүткөр кылган Данияр Көбөнов Пусандагы XIV Азия оюндарында калыстардын айынан алтынына жетпей, күмүш медаль тагынган эле. Бул жигиттин чеберчилигин Азиянын спорт адистери жогору баалап, айрым өлкөлөр өздөрүнө чакырып, бардык шарт түзүп берүүгө убада кылып жүрүшөт. Жаш болсо да Жанарбек Кенжеев көзгө көрүнүп, Азия чемпионаттарында бир нече жолу байгеге илинди. Жакында эле Жанарбек Стамбулда жаштар арасындагы дүйнө биринчилигинен дагы коло медалды жеңип келген.

Ал эми чоңдор арасында “XX кылымдын эң мыкты балбаны” аталган Раатбек Санатбаевдин жолун жолдогондор азырынча чыга элек. Бирок үмүт жандыргандар бар. Себеби, грек-рим күрөшү кыргыздын каны-жанына сиңип, муундан-муунга мурас болуп келген спорттун түрүнө айланган. Муну мурда «классикалык күрөш» деп аташчу. Кыргыз спортунан таалим-тарбия алган Юрий Мельниченко Атланта Олимпиадасында Казакстанга алтын медаль жеңип берип, кыргыз күрөш мектебинин артыкчылыгын далилдеген.

Ал эми Франция илгертен эле грек-рим күрөшүнүн ордосу саналат. Парижде грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионаты бир нече ирет өткөрүлгөн. Орустун даңазалуу балбаны Иван Поддубный менен казактын алпы Ажымукан Муңайтпасов да ушул Парижде дүйнө чемпиону аталып, мөрөй алышкан.

Франциядагы дүйнөлүк таймашка Кыргызстандын командасын грек-рим күрөшү боюнча улук машыктыруучу Эмил Алыкулов, өлкөнүн маданиятына эмгек сиңирген ишмер Жусуп Калилов жана кыргыз спортуна эмгек сиңирген чебер Раатбек Санатбаев баштап барышты. Бул дүйнөлүк чемпионаттын өзгөчөлүгү жана артыкчылыгы – мында мыкты ийгиликтерге жеткен дүйнөлүк 10 балбанга 2004-жылы Афиныда өтчү Жайкы олимпиадалык оюндарга катышууга жолдомо берилет. Ошондуктан тагдырын сынаш үчүн бул таймашка дүйнөнүн «мен кыйын» деген мыктылары чогулду. Кыргызстандын намысын дүйнө чемпионатында кимдер коргоп жатканы жөнүндө Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу, Күрөш жана жеңил атлетика боюнча балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинин директору Алмаз Касенов мындай деди:

- Балдар кечээ таразадан өтүп коюшту. Мурда таразага айрым салмак категориялары гана түшүп, кийинкилери эртеси түшчү. Францияда болсо күрөш залы абдан чоң болгондуктан, баары бир мезгилде таразага тартылышты. Мелдеш 3-октябрь күнү кечинде башталып, иргеп алуучу сыноолор өтүүдө. Кыргызстандын намысын коргоп жаткан балбандар жөнүндө айтсак, 55 кг. салмакта жаштар арасында эки жолку дүйнө чемпиону Уран Калилов, 60 кг. боюнча Максат Убукеев, 66 кг. салмакта уландар арасында дүйнө чемпиону Канат Бегалиев, 74тө Азия оюндарынын күмүш байге ээси, дүйнөлүк балдар оюндарынын жеңүүчүсү Данияр Көбөнов деген балбаныбыз, 84 кг. салмакта Азия чемпионатынын бир нече жолку жеңүүчүсү Жанарбек Кенжеев жана оор салмактагы балбан Алексей Бем - мына ушул 6 балбан биздин өлкөнүн намысын коргоп жатышат. Бул жигиттерибиз жакында эле Новосибирскиде өткөн эл аралык турнирде байгелүү орундарды ээлеп келишти. Канат Бегалиев менен Данияр Көбөновдун чеберчилиги жогору бааланып, алтын медаль тагынышты. Афины Олимпиадасына жолдомо алып келүүчү балбандарыбыз бар. Негизгиси аларга ким атаандаш болот? 40-50 мамлекет катышат, ошондо чүчүкулак кармаганда өзүбүздөй мамлекеттерге туш болсо, анда алдыга жылууга мүмкүн болот. Баштаганда эле кыйын, күчтүү өлкөгө туш болсо, анда кыйынга турат. Балким, медаль да болуп калабы, жолдомо жеңип келеби деген жакшы үмүт менен күтүп жатабыз.

Өлкөнүн күрөш спортунун тарыхында алгачкы ирет Париждеги дүйнө чемпионатына спорттук дарыгер Бактыгүл Бабаева да барып, беттешүүдөн кийин балбандарды калыбына келтирүүгө көмөктөшүп жатат. Франциядагы бул мелдешке Кыргызстандын эл аралык экстра класстагы калысы Кочкорбек Кулматов да катышып, калыстык кылууда.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG