Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:19

СООДАГЕРЛЕР КАЙРАДАН ИШ ТАШТАШЫ МҮМКҮН


Кыргыз өкмөтүнүн базарларга кассалык аппарат киргизүү тууралуу чечимине нааразы болгон ишкерлер 3 күн иш ташташкан эле. Соодагерлер эгер кассалык аппарат киргизиле турган болсо товарлардын баасы өсүп, эл турмушу мындан да начарлайт деген пикирлерин айтышууда. Бийлик өкүлдөрү болсо «Дордой» жана башка базарларда салык алынбаган миллиондогон акчалар айланып жатканын айтышып, кассалык аппараттын киргизилишин көмүскө экономикага каршы күрөш катары баалашууда.

4-октябрда «Дордой» базарындагы ишкерлерден алынган маалыматка караганда, соодагерлер дүйшөмбүдөн тартып дагы бир ирет иш таштоого чыгышы мүмкүн. «Дордой» базарында иштегендер өкмөттүн ар бир контейнерге кассалык аппарат коюу боюнча чечимине каршы экенин айтышууда. Өзүн Жүрсүн деп тааныштырган маектешибиздин айтымында:

- Базарга касса аппаратынын кереги жок, андан көрө, патенттин баасын көтөрүп коюшса эле маселе чечилмек.

Анын сөзүн эки-жигит минтип улады:

- Өзүбүз бир аз пайда менен отурсак, касса аппараты кирсе баа көтөрүлөт. Жумушсуздар көбөйөт. Андан көрө ишти жыйнаштырып, чет өлкөгө кетип калган оң. Биз аренда акысын төлөйбүзбү же улам көбөйүп аткан салыкты төлөйбүзбү?!

«Кассалык аппарат кирет экен» дегенде эле ишкерлер өкмөттүн мындай чечимине нааразылыктарын билдиришкен. 29-сентябрдан тартып Бишкектин «Дордой», «Берекет», «Ортосай» базарларында иш таштоо болуп, жумуш 3 күнгө токтогон. Эми алар дүйшөмбүдөн – 6-октябрдан тартып дагы бир ирет иш таштоого чыгышы күтүлүүдө. «Контейнерде соода жасоо шахтада иштегендей эле кеп» дешет базарда иштегендер. «Себеби, кышында бутуңдан сыз, жайында төбөңдөн күн өтүп, нөшөрлөгөн жаанга, шамалга карабай, ден-соолукка кайыл болуп турасың» дешет алар. Анын үстүнө базарда соода кылгандар өкмөттүн жардамысыз өздөрүнө-өздөрү иш ордун таап алышкан.

Бирок, бийлик өкүлдөрү «Дордой» баштаган ири соода-комплекстеринде миллиондогон каражаттардан эч бир салык алынбай жатат, кассалык аппараттын кириши менен көмүскө экономикага чоң сокку урулат эле» деген ойлорун айтышууда. Алардын бири Каржы министринин орун басары, Киреше боюнча комитеттин төрагасы Аскарбек Шадиев:

- Мен ойлойм, орто жана чакан бизнестегилер өтө аз салык төгүп жатышат. Анткени, орто жана чакан бизнес ички дүң продуктынын 40-45% берип жатат дегенибиз менен, алар биздин эсепте 10 эсе аз салык төгүп жатышат.

Аскарбек Шадиевдин айтымында, кассалык аппаратты киргизүүнүн дагы бир себеби - кардарлардын укугун коргоо. Себеби, соодагерлер кардардын колуна товар сатканы тууралуу эч кандай документ беришпейт, ошол себептен саткан товарынын сапатына да жоопкер эмес деп түшүндүрөт орун басар министр:.

- Кардарлар товар сатып алып жатканда колдоруна эч кандай чек алышпайт. Үйүнө барып, товары сапатсыз экенин көрүшкөндөн кийин кайра базарга алып барышса, аны сатуучу кайра албайт.

Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Юсупхан Юсупханов «эгер кассалык аппарат киргизилсе, анда салыкты патент системасы менен алууну токтотуу керек» деген оюн айтат:

- Кассалык аппарат башында мамлекеттик ишканаларга мамлекеттик көзөмөл салуучу милдетти аткарып келген. Азыркы шартта мамлекет базарда иштеген адамдардын ишмердүүлүгүнө жоопкер эмес. Бул жерде менимче, кассалык аппарат киреше алып келүүчү жана кирешенин көлөмүн аныктоочу жабдуу катары керек эмес. Кассалык аппарат - кардар менен сатуучунун ортосундагы мамилеге укуктук негиз берүүчү курал катары кызмат кылышы зарыл.

Эсиңиздерге сала кетели, базарда иштегендер патент системасы менен мамлекетке салык төгүп келатышат. Патенттин баасы контейнердин кайсы базарда жана базардын кайсы жеринде жайгашканына жараша аныкталат.

Юсупхан Юсупхановдун айтымында, кассалык аппарат киргизиш үчүн ар бир контейнерге бирден салык кызматкерин бекитип бериш керек. Салык кызматкери эртең менен кассалык аппаратка мөөр басып, кечинде иш бүткөндө сатуучу менен бирге аны ачып, түшкөн пайданы эсептеп, андан мамлекетке тиешелүү салыгын алып калуу керек. Айрым маалыматтарга караганда, өкмөт базарлардагы пайданын 4-6% салык катары алууга ниеттенүүдө.

Ишкерлер болсо «биз товарыбыздын дээрлик көпчүлүгүн акчасын албай туруп насыяга сатууга беребиз, ал товар өтүп калса акчасын алып келип беришет, өтпөй калган учурда товардын өзүн алып келишет, анан кассалык аппарат менен кантип иштейбиз» деген нааразылыктарын айтышууда.

XS
SM
MD
LG