Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:43

ЕВРОКОНСТИТУЦИЯ: РИМДЕГИ ЭГЕШ-КЕҢЕШ


Ишемби күнү Римде Евросоюздун өкмөттөр аралык конференциясы ачылды. Ага биримдиктин он беш мүчөсүнүн жана эмдиги жылы шаркетке өткөнү жаткан он өлкөнүн лидерлери келишти. Конференцияда Евроконституциянын такталган соңку тексти талкууланып, жактырылууга тийиш. Бирок байкоочулар талаш-тартыштар бүтпөйт, эмдиги жылы да уланат дешет.

Конституциянын долбоорундагы бир катар механизмдер континенттин чакан жана орто өлкөлөрүн өзгөчө беймаза кылып жатат. Оппоненттердин лагерин баштаган Испания менен Польша айрыкча Еврокомиссиядагы добуш берүүнүн жаңы тартибин аныктаган нормаларга нааразы. Союздун аткаруучу органында ушу тапта 20 комиссар бар, алардын саны эмдиги жылы жаңы мүчөлөрдүн эсебинен дагы беш кызматка көбөйүшү керек эле. Бирок долбоордо комиссарлар контингентин он беш адам менен чектелген. Мындай шартта чакан жана орто өлкөлөр бириккен Европанын түйүндүү саясий маселелерин чечкенге таптакыр таасир көрсөтө албай калат. Чехиянын президенти Вацлав Клаус атүгүл бул конституция кабыл алынса, Европада улуттук өкмөтү жана парламенти бар көз карандысыз өлкө калбайт, алардын ордуна жаңы монстр пайда болот деген ишениминде. Мындан тышкары конституцияда союздун президенттик кызматы каралган, ага чоң полномочиелер берилген. Бул кызматты ээлегенге, айталы, Финляндия же Венгрия сыяктуу өлкөлөргө мүмкүнчүлүк тиери дегеле күмөн. Ошону үчүн чакан жана орто өлкөлөрдүн өкмөт башчылары Римге ушул жана башка пункттар боюнча бирдиктүү позиция менен келишти. Өткөн аптанын башында Польшанын премьери Лешек Миллер санаалаш тараптарга кайрылып, ”эгер өз таламыңарды талашпасаңар, анда утуласыңар” деп эскертти. Байкоочулар болсо муну “кичикейлердин заговору” деп аташты.

Деген менен “эски Европанын” өкүлдөрү, атүгүл союздун негиздөөчүлөрү саналган өлкөлөрдүн ортосунда деле көп маселеде бирдиктүү позиция жок. Атап айтканда, ырасмий Лондон салык жана социалдык саясат чөйрөсүндө союздун мүчөлөрүн азыркыдай вето салуу укугунан ажыраткан механизмге анчейин макул эмес. Британияны, аны менен бирге Голландияны жана Италияны Европалык коргоо союзун түзүү планы да шүйшүнтүп жиберген жок. Мындай идеядан айрымдар НАТОну кулатуу механизмин көрүп жатышат. Экономика-финансы чөйрөсүндө да эгешип-кеңешчү маселелер арбыды. Евро зонасына кирген бир катар өлкөлөр, айрыкча Франция менен Германия бюджет тартыштыгын ички дүң өндүрүштүн үч процентинен ашырганга тыюу салган эрежени карманганга жетише албай жатышат.

Акырында союздаштар кала берсе дин маселесинде да орток пикирге келе албай коюшту. Католик мазабын тутунган өлкөлөр, айрыкча, Польша, Испания жана Италия евроконституцияда христиан дини учкай аталышы керек десе, Франция буга караманча каршы.

Ошентсе да конституциянын долбоорун азыркы вариантта кабыл алганга эски Европанын сегиз өлкөсү аздыр-көптүр көңүлдөнүп тургандай. Бирок алардын оппоненттери да аз эмес. Ортодо олку-солку болгондорду кайсы тарап Римде өзүнө имерип кетет - конференциянын жыйынтыгы көп жагынан ушуга жараша болушу мүмкүн. Союзга ушу тапта төрагалык кылып жаткан Италия талаштарды быйыл жыл этегине чейин тамам кылгысы келет. Бирок байкоочулар келечектеги бирдиктүү Европанын биринчи конституциясы дагы далай талкуу-таңаштардын предмети болот дешет.

XS
SM
MD
LG