Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:00

НАРЫНДА КАРЫЛАР ҮЙҮН АЧУУ ЗАРЫЛБЫ?


Убагында Кыргызстанда карылар үйүн ачуу элибиздин табиятына жат нерсе катары кабыл алынып, өөн учураган. Бирок азыр заманыбыздын талабына жараша өлкөнүн аймактарында бир нече карылар үйү ачылды.

Нарындагы «Ньюченз» бейөкмөт уюмунун жетекчиси Динара Мукамбаеванын айтуусу боюнча, ал кризистик абалга дуушар болгон жана багар-көрөрү жок карыларга ыңгайлуу шарт түзүш үчүн кайрымдуулук борборун бир жылдан бери ача албай келет. Бул жөнүндө ал «Азаттыкка» мындайча кеп курду:

- Биз, “Ньюченз” бейөкмөт уюму, “кайрымдуулук борборун ачалы” деп бир жылдан бери чуркап жүрөбүз. Кайда гана кайрылган жокпуз? Мэрияга, райакимчиликке, облакимчиликке кайрылдык. Бардыгы түшүнүшөт, бирок бизге жардам бере алышпайт. Имарат бере албай атышат. Бизде азыркы кезде эки фонд бар, чет мамлекетте - бирөө Германияда, бирөө Америкада. Алар да: «Эмне үчүн жергиликтүү өкмөт силерди түшүнбөй, жардам бере албай жатат?» - деп таң калышты. Биздеги жергиликтүү бийлик органдары ошол маселени чогуу чечкенге аракет кылбай атышат.

«Эмне себептен кайрымдуулук үйү үчүн алигиче имарат бөлүнбөй келет?» деген суроо менен биз Нарын облусунун губернаторунун социалдык иштер боюнча орун басары Айнагүл Чылабаевага кайрылдык.

- «Ньюченз» дагы бир кризистик борбор ачсамбы деген максаты бар экен. Нарында имарат жетишпейт. Облустук оорукананын директоруна тапшырылган болчу, бул маселе. 2004-жылдын январында көптөгөн имараттар оңдолот. Ошол имараттар оңдолгондо биз бейөкмөт уюмга ижарага бир имарат бөлүп берүү жагын караштырабыз, - дейт Айнагүл Чылабаева.

Ал эми Нарын облустук ооруканасынын сынык-жаракат бөлүмүндө эч багар-көрөрү жок, ооруканадан чыгарылса да айласыз жаткан, 78 жаштагы Бакиров Үмөт аксакал «ушундай үй ачылса кете берет элем» дейт:

- Жалдырап ушул жерде жатам, эч бара турган жерим жогунан. Ачылса жакшы эле болот эле, кирет элем. Мендейлерди багууга дагы киши болуп калаар, ачып койсоңор келебиз да.

Бул карыядай өмүр бою колхоздо иштеп, эми карыганда жашаган жерлери жок аксакал-байбичелер бул ооруканада кыштап калган учурлары болгон.

- Акталаадан бир байбиче эки жыл катары менен келип жүрдү. «Эч багар-көрөрүм жок, мени жаткыргыла» деп талап кылчу. Аны чыгаралы десек - бара турган жери жок. Көпчүлүгү кыш учурунда кайрылып калчу. Эч жакка чыгара албай, 1-2 ай кышында ооруканада кармаганга туура келген. Азыркы сиз кирип сүйлөшүп чыккан карыядай болбосо дагы, ушуга окшогон кээ бир учурлар болуп турат, - деди Нарын облустук ооруканасынын сынык-жаракат бөлүмүнүн дарыгери Борсокеев Кубан. Азыр Нарын шаарынын өзүндө эле жардамга муктаж карылар көп.

- Эми азыр жазып койдук, үйүндө эчтекеси жок жүргөндөрү - 35, жалгыз бой пенсионерлер - 913. Ар кимдин үйүндө эптеп жан сактап жүргөн карылар аябай эле көп, азыр. Малай болуп, эптеп пенсиясын берип коюп, жатчу жер таап жүргөндөр көп. Ушундай үй ачылса туура эле болмок, - дейт Нарын шаарынын калкты социалдык жактан коргоо мекемесинин башкы адиси Турдумамбетова Анаркүл.

«Ооруну жашырсаң өлүм ашкере кылат» дейт кыргызда. Карылар үйүн, кризистик борборлорду ачуу - бүгүн учур талабы. Себеби, мындай көрүнүш жашоосу жакшы өнүккөн өлкөлөрдө деле бар.

XS
SM
MD
LG