Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:05

ПРЕЗИДЕНТТИН ИШ САПАРЫ, АКШдагы ПИКЕТ, ЭНЕ ТИЛДИН АЯНЫЧТУУ АБАЛЫ


Кыргыз басылмаларында байма-бай комментарийге алынган тема - президент А.Акаевдин Батыш өлкөлөрүндөгү иш сапары болууда. Кыргызстандын президенти Бириккен Улуттар Уюмунун жыйынында сөз сүйлөп жаткан учурда анын саясатына нааразы болгондор сыртта пикет уюштурушканы да маалымат каражаттарынын баам сыртында калган жок. Кыргыз тилинин аянычтуу абалына кабатырланган инсандардын кайрылуу каты жарыяланды. Дүйнө кыргыздарынын экинчи курултайында айтылган сунуш-пикирлер, бийликтин айланасындагы саясий божомол кептер мезгилдүү басылмаларда такай чагылдырылып келатат.

Дүйнө кыргыздарынын II курултайынын маани-маңызы «Замандаш» журналынын 3-санында кенен-кесир чечмеленген. Он алтынчы жылкы Үркүндө «жанайласы кылып Кытай жерине качып бараткан аялдын окко учкан сөөгү көмүлбөй алтымыш жети жыл жатып, акыры ал жылдардын символу катары эли тарабынан кастарланып жерге берилип атканда аны көрүп турган дүйнөлүк кыргыздардын көзүнө дагы бир жолу жаш тегеренди», деп жазат Абдыкерим Муратов. Ушул эле журналда Абды Жаркынбайдын «Урматынан ажыраган улуу жол башчы» деген макаласы жарыяланды. «Биз атабыздан жогору койгон, жетимиш жыл кастарлаган, Алатоого азаттык берген улуу Ленин көрсөткөн жолдон чыктык. Жер-жерлердеги анын сансыз көп эстеликтеринин ордун кокту-колот баатырларынын айкелдери басып кетти», деп жазат автор.

Президент А.Акаевдин Батыш өлкөлөрүндөгү иш сапарын «Эркин тоо», «Слово Кыргызстана», «Кыргыз туусу», «Вечерний Бишкек» гезиттери кенен-кесир комментарийлешти. Иш сапарды шейшембидеги санында «Кыргыз туусу» гезити «Алатоо дүйнөгө айкын көрүндү», «Ак калпак кыргыз элимдин атагы кетти ааламга» деген аталышта жазып чыкты. Гезиттин жазганына ынансак, А.Акаевдин иш сапары - «дүйнөлүк мааниси бар тарыхый окуя».

Президент А.Акаев Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын сессиясында сүйлөп жаткан учурда анын саясатына нааразы болгондор Нью-Йоркто пикет уюштурушканы «Республика» гезитинин шейшемби күнкү санында маалымдалды. 2005-жылкы президенттик жарыш эмитен эле башталганы, шайлоо камылгасы кандай жүрүп жатканы Д.Шабановдун макаласында баяндалат. «Президенттик шайлоого чейин дагы кенен эки жыл бар, анткен менен анын камылгасы эмитен эле башталды», деп белгилейт автор.

Мугамыр жашоо-тирилик кылуу ыңгайын жар салган Борис Шапиронун кесиптештери менен алгоолошуп жазган китеби Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда териштириле баштаганы «МСН» гезитинин шейшемби күнкү санында кабарланды. Гезиттин жаңы санында «Арнамыс» партиясынын жетекчиси Феликс Кулов президент А.Акаевди дагы бир мөөнөттө кызматында калтыруу демилгесине карата өз пикирин билдирген. А.Акаевди дагы беш жыл кызматында калтыруу сунушунун чыгышын Ф.Кулов эки себеп менен түшүндүргөн. Биринчиси - А.Акаевдин ордун ээлей турган татыктуу талапкердин жоктугу. Экинчиси - анын айланасындагы адамдардын баары арасынан кимдир-бирөөсүнө президент болушту ыраа көрүшпөйт.

Америкалык «Ганси» авиабазасы менен жергиликтүү элдин мамиле-катышы «Агым» гезитинин шейшембидеги санында чагылдырылды. Ал эми кыргыз тилинин аянычтуу абалына, анын тагдырына азыркы бийлик кайдыгер караганына камтама болушкан белгилүү инсандардын бир тобу элге кайрылуу жасашты. Кайрылуу «Аалам» гезитинин шейшемби күнкү санында жарыяланды. «Кыргыз тилинин келечегине ишеним өчүп барат, - деп жазышат кайрылуу ээлери. – Бир канча жылдардан бери кыргыз ата-энелер балдарын орус мектептерге, орус класстарга берип жатышат. Демек, келечекте мамлекеттик тилди ой тизмектеп сүйлөй албаган, кызмат абалына тиешелүү маселелерди сабаттуу жаза албаган карачечекей кыргыз балдары артыбыздан түрүлүп келе берет. Эл оозунда, республикабыздагы кызматкерлер, адистер оозунда өнүкпөгөн, өксүгөн тил мамлекеттик тил боло алабы? Албетте, боло албайт. Кыргыз тилине, анын мамлекеттик тил экендигине маани бербеген, аны тоготкусу келбеген чөйрө кийинки бир канча жылдан бери өтө күчөдү».
XS
SM
MD
LG