Тынчтыкбек Чоротегин Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдык мааракесинин урматына ЮНЕСКОнун Париждеги баш кеңсесчинде жана Франциянын кээ бир шаарларында саясый жана маданий иш чаралар өткөрүлүүдө. Алардын эң негизгиси-дүйшөмбү күнү болмокчу. Бул күнү ЮНЕСКОнун баш кеңсесинин алдына боз үй тигилет жана атактуу Сорбон универститетинде кыргызстандык илимпоздор менен франциялык чыгыш таануучулар катышкан илимий конференция өтөт. Кабарчыбыз Тынчтыкбек Чороегин Парижге өз өнөрлөрүн алып келишкен кыргыз уздары: Бишкектеги “Үмүт” кол өнөрчүлөр уюмунун башчысы Алиман Усупова жана Тоң районундагы “Алтын оймок” кол өнөрчүлөр уюмунун жетекчиси Жылдыз Асанакунова менен маектешкен эле. Эмесе, ошол маекке назар салыңыздар.