Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:09

БИЙЛИК МЕНЕН БАСМА СӨЗ: ӨНӨКТӨШПҮ ЖЕ КАРШЫЛАШПЫ?


Эл аралык «Freedom Hous» уюмунун маалымат каражаттарын колдоо боюнча борборунун демилгеси менен 8-октябрда Кыргызстандагы бийлик менен басма сөздүн мамиле-катышына арналган “тегерек үстөл” жыйыны болду. Анда кийинки кездери эркин басылмаларга кысым күчөп баратканы белгиленди. Кызмат адамдарынын адамдык абийир, арнамысын коргоо максатында сотко берген доо арыздарынын негизинде чыгарылган чоң айыппулдарды төлөй албай, көпчүлүк гезиттер жабылып калууда. Жыйында маалымат каражаттары менен бийликтин ич ара мамилесин так аныктоо, аны белгилүү стандартка салуу зарылдыгы жөнүндө айтылды.

Президенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Досалы Эсеналиев аталган жыйында мындай деп билдирди:

- Ооба, кийинки жылдары атуулдардын гезиттерди сотко бериши көбөйүп баратат. Бул дурус жышаан. Себеп дегенде, Совет мезгилинде, эгемендиктин алгачкы жылдарында басма сөзгө таарынгандар мамлекеттик бийлик органдарына, басма сөз кызматтарына, министрлерге, атүгүл президентке чейин кайрылышчу. Эми болсо сотко кайрылуу адаты пайда болууда. Бизде соттор гана мыйзамдык негизде чечим чыгара алышат.

Эл аралык “Интерньюс” уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн директору Николя Эбнозер эркин гезиттерге каршы берилген соттук доо-арыздарда талап кылынган айыппулдардын оголе көптүгүнө таңданганын жашырган жок:

- Соттук доо арыздарда көрсөтүлгөн ири суммалар таңдандырат. Бул - гезиттерге каршы жасалган чабуул. Журналисттер деле жаңылыштык кетиришет. Бирок аны сотсуз эле оңдоп коюунун көптөгөн жолдору бар.

Эл аралык «Freedom Hous» уюмунун адам укуктары боюнча программасынын жетекчиси Стюарт Кан Медиа-кеңешти түзүү боюнча жыйындарга катышканын билдирди. Анын пикирине караганда, Кыргызстанда сөз эркиндигине жетиш үчүн соттордун өз алдынчалыгын камсыз кылуу зарыл:

- Бүгүн бул жерде соттордун өз алдынчалыгы тууралуу кеп кылсакпы дедик эле. Бирок эл аралык уюмдар алардын өз алдынчалыгына ишенишпейт.

Президенттик администрациянын коргонуу жана коопсуздук бөлүмүнүн башчысы Болот Жанузаков бийлик маалымат каражаттарынын иштешине укуктук шарт түзүп бериши керек экендигине токтолду. Соттордун өз алдынчалыгы тууралуу айтылган кеп-сөздөргө жооп кылып, “Дело №” гезитинин башкы редактору Виктор Запольский кыргыз чиновниктери сотторго көрсөтмө бергенин эч качан жарыя кылбастыгын айтты да, соттордун кесиптик деңгээлиндеги өксүктөргө токтолду:

- Тилекке каршы, биздеги соттордун кесиптик деңгээли өтө эле төмөн болгону аз келгенсип, алар аябай ыкшоо, ийге тез келет. Ошондон улам чиновник менен журналисттин ортосундагы соттук териштирүү жыйынтыгында дайыма чиновниктин пайдасына чечилет.

Шайлоо системасын колдоо эл боюнча аралык фонддун (IFES) Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Чедомир Флего жыйында айтылган кеп-сөздөрдүн баары адам укуктары менен эркиндигине байланыштуу экенине токтолду:

- Проблема бар. Адам укуктары менен эркиндиги бузулуп атат. Бул багытта өзүнчө маданий чек бар. Кыргызстан америкалык демократияга жетиш үчүн анын кемчилик-мүчүлүштүктөрүн кайталап чыгышы зарыл эмес. Кыргызстан үчүн андай зарылдык деле жок.

Жыйында эл аралык «Freedom Hous» уюмунун “Маалымат каражаттарын колдоо борбору” долбоорунун жетекчиси Майк Стоун Бишкекте иштей турган Эл аралык басма үйү эки айдан кийин толук ишке киришээрин, азыр имаратты оңдоо иштери жүрүп жатканын кабарлады. Бийлик өкүлдөрү менен эркин журналисттердин арай көз чарай пикир алышуусунда эки тараптын тең ортодо кызыкчылыгы бар экендиги белгиленди. Бул үчүн ириде кызмат адамдарынын журналисттерди сотко беришинин жол-жобосун аныктап, маалымат каражаттарынын өкүлдөрү белгилүү стандарттарды сакташы зарыл экендиги айтылды.
XS
SM
MD
LG