Комитет Иракта ар түрдүү себептер менен набыт болгон кабарчылардын ишин аскери командачылык жетерлик негизде иликтеген жок деп эсептейт. Быйыл апрелде жана августта америкалык солдаттардын колунан төрт журналисттин өмүрү кыйылган эле. Комитеттин баасында, бул окуялардын чоо-жайына байланыштуу америкалык аскери өкүлдөр чала-чарпыт гана маалымат берип, ишти будамайлап кутулуу аргасын жасашты.