Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:13

КЫРГЫЗ ТИЛИ, АЗАЙЫП БАРАТКАН КЫРГЫЗ МЕКТЕПТЕРИ, КОРРУПЦИЯНЫН КЕЗЕГИ, ПАРИЖ САЛТАНАТТАРЫ, АТКАРЫЛБАС БЮДЖЕТ


Кыргыз тилинин эгемендик тушундагы аянычтуу абалы, улуттун жок болуп кетүү коркунучу эне тилди жерүүдөн башталаары мезгилдүү басылмаларда кийинки кездери арбын жазылууда. Чоң шаарларда кыргыз мектептеринин саны азаюуда. Президент А.Акаев Кыргыз мамлекеттигинин 2200 жылдык салтанатына байланыштуу Парижде өткөн илимий жыйынга катышты. Өлкөнүн 2003-жылдагы бюджетинин аткарылышы арсар. Энергетиктер айыл-айылда электр жарыгын өчүрө башташты. Экс-коммунисттик лидер президент А.Акаевдин саясатын жактырат. Кыргыз басылмаларында жарыяланган урунт макалаларда козголгон проблемалардын айрымдары ушундай.

Кыргызстандын 2003-жылкы бюджетинин аткарылышы арсар. Анын киреше планынын аткарылышы 95% да жеткен жок, бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн 80% гана каржыланган. “Мындай жагдай социалдык төлөмдөрдүн азайышына алып келет”, деп белгилейт парламент депутаты Курманбек Бакиев бейшембидеги “Слово Кыргызстана” гезитинде жарыяланган маегинде. Анын айтымында, “Өнүгүүнүн комплекстүү негиздеринде” белгиленген милдеттерге ылайык өлкөнүн экономикалык өсүш ырааты жыл сайын 6 - 8% кем болбош керек эле, быйылкы өсүш болсо 4% гана түздү. Басылманын бейшембидеги санында Бишкек жылуулук-энергетика борборунун жетекчиси Лев Васильевдин да маеги жарыяланды. Анын маалыматына караганда, Бишкек жылуулук-энергетика борборунда ушу тапта кыйын кырдаал түзүлгөн. Жумушчулар 5 айлык маянасын ала элек, жылуулук берчү 16 агрегаттын 14 гана ишке жарамдуу.

Кечээтен тартып Москва районунун Александровка кыштагына электр жарыгын берүү токтотулганын бейшембидеги “Вечерний Бишкек” гезити маалымдады. 4 млн. сомдук карызын төлөбөгөн айылдыктар жарыксыз отурушат. “Түндүк электр” акционердик коомунун адистери Сокулук районунун беш айылынын жарыгын өчүрүштү. Чүй облусунун калкынын электр энергиясына карызы 539 млн. сомду түзөт. Бишкектиктердин карызы - 9 млн. сом.

Президент А.Акаевдин Францияга иш сапары, анын Кыргыз мамлекеттигинин 2200 жылдык салтанатына багышталган илимий иш-чараларга катышканы бейшембидеги “Слово Кыргызстана”, “Вечерний Бишкек” гезиттеринде кеңири маалымдалды.

Коррупцияны кабылдоо индекси жагынан Кыргызстан Папуа-Жаңы Гвинея, Ливия өлкөлөрү менен бирдей орунда тураарын эл аралык “Тransparency International” уюмунун жылдык отчету ачыкка чыгарганын бейшембидеги «Общественный рейтинг» гезитинде Марипов менен Байгуттиев жазып чыгышты.

Жума күнү жарыкка чыгуучу “Кыргыз руху” гезитинде “Буудай” мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Жумгалбек Аманбаевдин “Мен оппозиционер эмесмин” деген аталыштагы маеги жарыяланууда. “Президентибиз аябай чыдамкай, кайыштай чоюлган жигит чыкты, - дейт Ж.Аманбаев. - Баарына чыдап келатат. Мактаганын да, сөккөнүн да жанында алып жүрөт. Оппозиция деген жанагы кыйкырчаактарды “кокуй, демократия болсун” деп чоңойтуп келатат”. Андан ары ал кебин мындайча улантат: «... азыркы күндө “мен президент болом» деген саясатчылардын арасында А.Акаевден ашкан саясатчы жок. Мен деле ага багынып бердим. Болбосо мен да бир кезде “президент болом” дегендердин бири элем”. Ж.Аманбаев «Эгер эл А.Акаевден «дагы бир жолу президент болуп бериңиз» деп суранса жакшы болоор эле», - деп эсептейт.

Кыргыз мектептери азайып, эне тилге кайдыгер мамиле жүрүп отуруп улуттун жок болушуна алып келээри С.Жаанбаев менен А.Муратовдун ушул эле гезиттеги “Тарыхтан бир улут жок болуп кетсе, ага ким күймөк эле” деген аңгеме-дүкөнүндө баяндалган. Эки автордун пикиринде, кыргыз тилинин аянычтуу абалы анын мектепте начар окутулушуна байланыштуу. Анын үстүнө жакыр эл ичкиликке берилип, социалдык багытын жоготууда.

“Агым” гезитинин башкы редакторунун орун басары Аскер Сакыбаеванын маалымдаганына караганда, басылманын жаңы санында президент А.Акаевдин жүргүзүп аткан саясатын талдоого алган А.Токтомушевдин макаласы жарыяланат. М.Сабыров менен Ж.Зарлыкбеков парламенттин иш күндөлүгүн баяндашат. Гезитте депутат К.Байболов менен журналист М.Сабыровдун маегине да орун берилмекчи. Т.Казаковдун Карамолдо Орозов жөнүндө ой толгоосу, Жалалабад облусунун губернатору Ж.Шарипов менен гезит окурмандарынын “түз байланышы”, “Махабат дастаны” киносу экранга чыгарылгандан бери 10 жыл өткөнүн кабарлаган макала жарыяланмакчы.
XS
SM
MD
LG