Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:05

СТИАН КРИСТЕНСЕН: «КЫРГЫЗСТАНДА КОРРУПЦИЯНЫН КҮЧӨШҮНӨ ЧЕТ ӨЛКӨЛҮК КОМПАНИЯЛАРДЫН ДА САЛЫМЫ БАР»


Кыргызстан коррупцияны кабылдоо индекси боюнча 133 өлкөнүн ичинен 119-орунда турат (тагыраак айтканда, 118-121-орундарды бөлүшкөн өлкөлөрдүн ичинен экинчи орунда турат). «Transparency international» эл аралык уюму быйылкы иликтөөсүнүн негизинде ушундай аныктама чыгарган. Иликтөөгө байланыштуу эл аралык уюмдун өкүлдөрү жума күнү Бишкекте маалымат жыйынын өткөрүштү. Алардын пикиринде, коррупциянын тамырын кыркыш үчүн ириде өкмөт өзү астейдил аракеттениши керек. Ансыз Кыргызстан эл аралык коомчулуктун ишенимин гана эмес, инвестицияларын да жоготуп алышы ыктымал.

Эл аралык уюм Кыргызстандагы коррупциянын абалын аныкташ үчүн ишкерлердин, жергиликтүү талдоочулардын, жергиликтүү жана чет өлкөлүк атуулдардын арасында 17 түрлүү сурамжылоо жүргүзгөн. «Алардын баасын Кыргызстандагы коррупциянын принципиалдуу деңгээли катары караганга болбойт, бирок бул көз жуумп кое албай турган олуттуу көрсөткүч», дешет «Transparency international» уюмунун өкүлдөрү. «Коррупцияны жоюш үчүн саясий эрк керек» дешет алар. Ансыз жергиликтүү коомчулуктун да, эл аралык уюмдардын да колунан эч нерсе келбейт.

Уюмдун КМШ жана Чыгыш Европа боюнча координатору Стиан Кристенсендин пикиринде, Кыргызстанды эл аралык коомчулук азырынча Борбор Азиянын коррупцияга каршы күрөш жүргүзө ала турган бирден-бир мамлекети катары баалайт.

- Тагыраак айтканда, азыр Кыргызстан үчүн мүмкүнчүлүктөр бар. Бирок алар тез эле жок болуп калышы мүмкүн. Ошондуктан өкмөт мындай мүмкүнчүлүктү азыр пайдаланып калышы керек. Болбосо эл аралык коомчулуктун алдында өлкөнүн кадыр-баркы кетип калышы ыктымал, - дейт Стиан Кристенсен.

Ал өзүнүн мындай пикирин Кыргызстандагы Акниет башкаруу боюнча улуттук кеңештин түзүлгөнүнө байланыштырды. «Транспаренси Интернешнл» бул кадамды жакшы белги катары баалайт, бирок анын чын эле коррупцияга каршы күрөшүү максатында түзүлгөнүн далилдеш үчүн өкмөт чечкиндүү кадам жасаганы түзүк.

Уюмдун эксперти Дональд Боусердин көз карашы боюнча, тышкы инвестициялардан абдан көз каранды болгон Кыргызстан коррупцияга каршы күрөшпөй койгону болбойт. Эгер өкмөт бул багытта иштебесе, аброй тургай акчадан да куру калат.

- Кыргызстанда чет өлкөлүк инвесторлор коррупцияны тоготпой кое алышпайт. Анткени бул жерде оңой табылган жаратылыш ресурстары жок. Силерге коңшулаш айрым мамлекеттер коррупцияга жол бериши мүмкүн. Бирок Кыргызстан андайга жол бериши керек деген ойдон алысмын. Ошондуктан биз өкмөттү конкреттүү кадам жасоого чын ниетибиз менен чакырабыз, - деди Дональд Боусер.

- Кыргызстан сыяктуу жарды өлкөлөрдө коррупциянын тамыр жайышына ошол мамлекеттерде иштеген эл аралык компаниялар да салым кошууда, - дейт Стиан Кристенсен. Анткени, өкмөт менен чет өлкөлүк компаниянын кызматташтык тууралуу туюк келишимдери мамлекеттин эмес, тиешелүү документке кол койгон эки тараптын гана кызыкчылыгын коргоп калган учурлар көп болот.

Бирок Кыргызстанда коррупция, иликтөөнүн жыйынтыгында белгиленгендей, Беларусь менен Ѳзбекстандагыдан катуураак күч алганына уюмдун өкүлдөрү анча ишене беришпейт. Бул жагынан сурамжылоонун ачыктыгы Кыргызстандын акыркы орунга чыгышынын бир себеби болду. Ошондуктан коомчулукту коррупцияга каршы күрөшкө тартуу багытында бардык тараптардын иштешине «Транспаренси Интерненшнл» уюму да дилгир. Уюмдун пикиринде, атуулдук коомду өнүктүрүү, мыйзамдардын иштөө механизмдерин жакшыртуу жана өз демилгелерин ишке ашырууга өкмөттүн чындап умтулушу коррупцияны жок кылууга өбөлгө түзөт.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG