Линктер

жекшемби, 24-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 16:32

ДҮЙШӨМБҮДӨГҮ БОРБОР АЗИЯ ОЮНДАРЫ


14-октябрда Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында V Борбор Азия оюндарынын оту жанат. Бул оюндарга Кыргызстандын командасы толук курамы менен катышмакчы.

Орто Азия жана Казакстан республикаларынын спорттук байланыштарынын тамыры тереңде. Коңшу мамлекеттердин улуттук оюндары да окшош келип, аш-тойлордо аламан байге, жорго салдыруу, көк бөрү оюндарын ойношуп, балбандар күч сынашып, жаа атышып, оодарыш, эр сайышка чейин намыс талашып келишкен. Совет доорунда коңшулаш өлкөлөрдүн классикалык, олимпиадалык спорт түрлөрү да удаа, тең чамалуу өнүгүп-өстү. Мурда Борбордук Азия өлкөлөрүнүн Спартакиадалык оюндары өткөрүлүп келсе, кийин 1991-жылы «Достук оюндары» деп коңшулаш республикалар Алматыда биринчи ирет чогулганы менен, ал демилгенин деле деми сууп калды.

Эгемендүүлүк алганы Борбор Азия өлкөлөрүнүн башын кошуп, олимпиадалык кыймылдын тамырын бекемдеш үчүн Кыргызстандын Улуттук олимпиада комитетинин президенти Эшим Кутманалиев демилге көтөрүп, Борбор Азия оюндарын өткөрүүнү Эл аралык Олимпиада Комитетинин ошол кездеги президенти Хуан Антонио Самаранч мырзага сунуштап, колдоосун өтүнгөн эле. Тилекке каршы, Эшим Кутманалиевдин бул идеясын ишке ашырууга ошол убакта Кыргызстанда, Бишкекте шарт жок болчу. Ошол себептүү, спорт жайлары, имараттары эл аралык талаптарга жооп бергендиктен, Борбор Азия өлкөлөрүнүн I оюндарынын отун жагып, тушоосун кесүү салтанаты Өзбекстандын Улуттук олимпиада комитетине ыйгарылган.

Ташкенде өткөн кичи олимпиадалык оюндарда Кыргызстандын командасы 13 алтын, 14 күмүш, 40 коло медаль утуп алып, үчүнчү катарда турган. Ал эми Борбор Азия өлкөлөрүнүн 1997-жылы Алматыда болгон II оюндарында Кыргызстандын намысын 162 спортсмен коргоп, алардын энчисине дагы үчүнчү орун туш келген. Жалпысынан кыргызстандыктар 105 медалды жеңип, 13 спортсмен биринчи орунду ээледи. 36 күмүш, 56 коло медалдар кыргызстандыктарга ыйгарылган. Спорттук делегациясы 70тен ашпаган Тажикстан менен Түркмєнстандан алдыга озуп келгенге курсант болуу жарабайт. Кичи олимпиадалык оюндар Борбордук Азия өлкөлөрүнүн спорттук деңгээлин, чама-чаркын көрсөтүп койгон. 1999-жылы кыргыз жергесинде өткөн III оюндардын шылтоосу менен Бишкектеги спорт жайлары оңдолуп, жаңырып калды. «Спартак» стадиону эл аралык талаптарга жооп берген деңгээлде кайрадан жаңыланды. Мындагы таймаштарда кыргызстандыктар 27 алтын, 61 күмүш, 58 коло медалды өз жеринде калтырып, командалык эсепте экинчи орунду камсыз кылган. III Борбор Азия оюндарынын мелдештерин Эл аралык Олимпиада Комитетинин жооптуу кызматкери Пере Миро мырза өзү көрүп, спорт базаларынын шартын, жасалгасын карап, оюндарды өткөрүүдөгү аракетке жогору баа берген.

Кийинки IV Борбордук Азия оюндары 2001-жылы Ашгабад шаарында өткөрүлмөк. Тилекке каршы, ошол кезде Ооганстандагы терроризмдин айынан бул оюндар өтпөй калган. Бишкектеги III оюндар спорттун 13 түрүнөн өткөрүлсө, Дүйшөмбүдөгү Борбор Азия оюндарында спорттун олимпиадалык 9 түрүнөн аттаандашуулар болмокчу. Өзбекстандын суроосу боюнча улуттук күрөш кошумча киргизилип жатат. Тажикстанда сууда сүзүү бассейни, кылыч сайышуу, оор атлетика залдары жок болгондуктан жана велоспорттон, оор атлетикадан командасы начар экенин шылтоолоп, уюштуруучулар спорттун 4 түрүн алып коюшту.

Кыргызстандын 150гө чукул спортчудан турган командасы толук курамы менен Тажикстанга 14-октябрда эртең менен барат. Спортчулардын даярдыгына каражат берилбегендиктен, айрымдары жөн эле катышып келиш үчүн барат. Даярдыктын начардыгы жөнүндө өлкөнүн Улуттук олимпиада комитетинин президенти Эшим Кутманалиев өз пикирин мындайча билдирди:

- Оюндардын алдында 20 күн машыгуу өткөрсөк дурус болмок. Дүйшөмбүдө экинчи орунга чыкканга эч мүмкүнчүлүк жок. Менин чоочуганым - тажиктер бизди үчүнчү орундан да төмөн жылдырып коебу деп турам. Алардын даярдыгы жакшы деп ойлойм. Катышып көрсөк, балким боксчулар, жеңил атлеттер, балбандар, мергендер жакшы ийгиликтерге жетиши ыктымал. Негизи бул оюндарды сактап, таасирин арттырыш керек. Эми 2005-жылы Ашгабад шаары эстафетаны кайрадан алышы зарыл. Бул оюндардын аркасы менен спорт базалары салынып, спортчулардын достугу чыңалып, чебердиги өсүп келатат. Спорт комитетинин божомолу боюнча 12-13 алтын медаль болот. Мен спортчулардын даярдыгы жоктугунан улам мындай көрсөткүч болбой, дагы төмөндөп калабы деп кооптонуп турам. Уят болбой, намысты колдон чыгарбай келсек болгону. Жеңил атлетика боюнча мелдештердин көрсөткүчтөрү жогору болсо, Эл аралык жеңил атлетика федерациясы макулдугун берсе, анда Афины Олимпиадасына жолдомолор ыйгарылышы да мүмкүн.

Эшим Кутманалиевдин пикирине өлкөнүн Олимпиадалык даярдоо борборунун директору Руслан Искенов да кошулуп, буларга токтолду:

- Эркин күрөш менен грек-рим күрөшүнөн, жеңил атлетикадан, ок атуудан 9-10 алтын медаль алышыбыз мүмкүн. Жеңил атлетикадан жөө күлүк, Азия чемпиону, XIV Азия оюндарынын жеңүүчүсү Таня Борисова марага озуп келиши толук ыктымал. Грек-рим күрөшүнүн балбандары Франциядагы дүйнө чемпионатынан жаңы эле кайтып келишти. Алардан Уран Калилов, Данияр Көбөнов, Канат Бегалиев, Жанарбек Кенжеев да баш байгеге талапкер жигиттер. Мергендерден дагы үмүт үзбөй турабыз. Бул оюндарга түздөн-түз даярдык көрүүгө бизде экономикалык мүмкүнчүлүк болбоду. Үчүнчү орун үчүн тажиктер менен таймашуу кыйын болот.

Бул Борбор Азия оюндарына катышып келүүгө, спорттук кийимдер үчүн өкмөт аттанаар алдында 3 млн. сом каражат бөлдү. Ал эми Тажикстандын Улуттук олимпиада комитетинин президенти Гафар Мирзоевдин билдиргенине караганда, Дүйшөмбү шаары меймандарды кабыл алууга даяр. Спорт базаларынын камылгасы шайма-шай. Борбор Азиянын V оюндарынын катышуучуларынын бардыгы тамак-аш, унаа жана жатакана менен бекер камсыз болмокчу. Анда спортчулардын даярдыгы үчүн берилбей, кетээр алдында табылган 3 млн. сом каражат кандай максаттарга жумшалат? 8 айдан бери стипендиясын албай, машыгуусу өксүп турган спортчулар керек учурда гана эске алынганы өкүндүрөт. Борбор Азиянын V оюндарынын жеңүүчүлөрү 20-октябрда анык болуп калат.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG