Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:17

Польша Рим папасынын күмүш мааракесин белгилеп жатат


Поп Иоан Павелдин Рим Католик чиркөөсүнүн башына келгенине ушул аптада чейрек кылым толот. Кечээ Рим Папасы Ватиканда Ыйык Петердин аянтында чогулгандарга буларды айтты. Иоан Павел чүчкүрүп, кыйналып жатып сүйлөдү:

- Келерки бейшембиде, 16-октябрда мен Рим чиркөөсүнүн жетекчилигине келгенимдин 25 жылдыгын белгилейм. Кечки саат алтыда Ыйык Петердин аяндында ыраазычылык таатын окуйм. Таатка келе тургандарга мен дароо рахмат айтам.

83 жаштагы теги поляк Иоан Павелдин сөзү Польшада анын туулган Вадовице шаарында түз эфирден көрсөтүлдү. Зор экрандын алдына атактуу жердешинин сөзүн угууга 10 миңдеген киши чогулду.

XS
SM
MD
LG