Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:23

Газа тилкесиндеги шаар кырсык зонасы деп жарыяланды


Израиль армиясынын чабуулунан сегиз палестин окко учуп, миңден ашык киши үй-жайсыз калгандан кийин, Рафахтын акими Мажид ал-Гал шаарды "кырсык зонасы" деп жарыялады.
Ал-Галдын айтымында, бейшемби күнү башталган Израилдин кол салуусунда жолдор, суу жана таштанды түтүктөрү, телефон, электр линиялары талкаланды. Бириккен Улуттардын Чукул абалдарда жардам көрсөтүү агенттигинин жетекчиси Петер Хансендин маалымдашынча, бир жарым миңдей киши үй-жайынан ажырады.
Израиль Газа тилкеси менен Египеттин ортосундагы чек арада жер алдындагы курал ташуучу өткөөлдү жок кылуу үчүн рейд уюштурганын билдирди. 40 чакты танк менен кирген Израиль аскерлеринин көбү Рафахтан чыгарылып кетти.

XS
SM
MD
LG