Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:10

НАТО Борбор Азиядагы баңги ташуу жолун бөгөөнүн жолун издөөдө


НАТОнун баш катчысы Жорж Робертсон уюмга кирген 27 өлкөнү Борбор Азияга Ооганстандан келип, Европага ташылган баңги заттарынын агымын токтотуу аракеттерин күч алдырууга чакырды. Бёрн калаасында Швейцариянын расмий өкүлдөрү менен жолуккандан кийин Робертсон ”мүчө болбогон, бирок уюмдун "Тынчтык үчүн шериктештик" программасына кошулган 27 өлкө менен НАТО алакасын чыңдоону каалайт" деп билдирди.
Робертсон ошондой эле "аталган программанын мүчөлөрү НАТОго наркоаткезчилигине байланышкан көйгөйлөрдү аскерий кошумча кошпостон чечүүгө жардам бере алат" деп эсептейт.
Анын аралыгында Пакистанда Ооганстан менен чек аранын жанында 1 тонна 200 килограмм апийим колго түшүрүлдү.
Мынча апийим Балучистан провинциясындагы үйлөрдүн биринен табылган. Бир киши камакка алынды.

XS
SM
MD
LG