Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:51

ИРАК: ЖАҢЫ ДОЛБООР ДАГЫ ЖАКПАЙ КАЛАБЫ?!


Кошмо Штаттары Ирак боюнча резолюциянын долбоорун үчүнчү ирет оңдоп жазып, Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешине сунуш кылды. Вашингтондун айтымында, бул жолку текстте оппоненттердин пикирлери эске алынды. Кошмо Штаттардын Улуттар Уюмундагы өкүлү Жон Негропонте ырастагандай, ырасмий Вашингтон долбоорду Коопсуздук Кеңешинде ушул аптада добушка койгонго ниет кылып жатат.

Документти даярдоого бул ирет Британия менен Испания кол кабыш кылышты. Мурдагы варианттардан айрымаланып, оңдолуп жазылган текстте Ирактын утурумдук башкаруучу кеңешине чейин өлкөнүн конституциясын даярдоонун жана жалпы элдик шайлоо өткөрүүнүн программасын 15-декабрга аныктоо милдети табышталган. Мындан тышкары Ирактын экономикасын кайра тикелөө ишине кошумча акча каражаттарын ажыратуу, коомдук тартипти жөнгө салганы өлкөгө кошумча аскер контингентин киргизүү зарылдыгы көрсөтүлгөн. Америкалык элчи Жон Негропонте Нью-Йоркто журналисттердин суроолоруна жоон берип жатып, Кошмо Штаттары канчалык оңтою келсе, ошончолук эртелеп ирак элине жана башкаруу кеңешине колдон келишинче кеңири бийлик-укуктарды берүү үчүн бардык күч-аракетин жумшай тургандыгына ишендирди. Элчинин сөздөрүнө ылайык, бул процесс акыркы айларда айрыкча активдеше баштады.

Резолюциянын жаңыланган текстин Франциянын тышкы иштер министри Доминик де Вилпен мурдагы эки редакцияга салыштырып, бу жолкусу алда канча саз болгонун белгиледи. Немец элчиси Гюнтер Плойгердин сөздөрү боюнча, Германия резолюциянын жаңы долбоорунан конструктивдүү жолду көрдү, тышкы иштер министр Йошка Фишер аны “туура багыттагы кадам” деп баалады. Россиянын элчиси Сергей Лавров болсо долбоордун эң соңку текстинде Москванын позициясы эске алынышы керек, атап айтканда, бийликти ирактыктарга өткөрүп берүүнүн кең-кесири планы камтылышы зарыл деп эсептейт. Ошол эле учурда үч өлкө тең документти дагы ийине жеткирип иштеп чыгуу максатында алдыдагы күндөрдөгү консультацияларга конструктивдүү негизде катышканга даяр экендигин да ырасташты. Мындай орток позицияны орус президенти Владимир Путин Франциянын президенти Жак Ширак жана Германиянын канцлери Герхард Шрөдөр менен шейшемби күнү телефон аркылуу сүйлөшүп, макулдашты.

Ошол эле күнү Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Кофи Аннан да жаңыланган долбоор боюнча өз пикирин билдирди. Баш катчы документ мурдагы варианттардан анчейин деле айрымаланбай тургандыгын белгиледи. Аннан сунуш кылган айрым бир пикирлер жаңы текстте эске алынган,бирок ал Вашингтондун позициясында эч кандай өзгөрүү болбогондугун көрсөттү. Аннандан мурда Сириянын элчиси да долбоордун жаңы текстинен эч кандай деле жаңылык таппагандыгын билдирген эле.

Жаңы долбоорго тең шериктеш катары Британия менен Испания айныксыз колдоо көрсөтүштү. Британ тышкы иштер министри Жек Стро резолюция ушул аптада колго салынып каларына үмүт кылат. Евросоюздун тышкы саясий мекеме башчылары менен бирге ал Люксембургдагы жыйынга катышып, Ирактын экономикасын кайра курууга британ өкмөтү олуттуу финансылык адие кошорун бышыктады. Болжолдо, Лондондун кошумчасы 910 миллион доллардын тегерегинде болушу мүмкүн. Британиядан айрымаланып, еврошаркеттин бир катар мүчөлөрү Ирактын инфраструктурасын кимдер бүлүнтсө, негизги жүктү ошолор көтөрүшү керек дегендей кыяз көрсөтүүдө. Германия менен Франция, мисалы, Ирак үчүн ири суммада каражат бөлгөнгө алиге чейин кынжылып-кыйылып турушат. Немец канцлери Герхард Шрөдөр ирактыктарга көмөк көрсөткөнгө тек гана убада берди, бирок эч кандай конкреттүү сумманы оозанган жок. Ушул айдын этегинде дүйнөлүк донорлорду кабыл алганы жаткан Испания Иракты өнүктүрүү фондусуна 105 миллион доллар акча которууну чечти. Ал эми Япония 4-5 миллиард, Канада – 300 миллион доллар жардам бөлөрүн билдиришти. Жалпы Евросоюздун көмөгү 230 миллион долларды түзмөкчү. Бириккен Улуттар Уюму менен дүйнөлүк банктын эсеп-кысаптарына ылайык, Ирактын муктаждыктарына 2007-жылга чейин бери эле дегенде 36 миллиард доллар каражат керек болот.

Ошол эле күнү Багдадда дагы бир террордук акция жасалды. Белгисиз бир жанкечти жарылма дүрмөткө шыкалган машинаны Түркиянын элчилигине жуук айдап келип,жардырып жиберди. Бир нече киши, анын ичинде элчиликтин кызматкерлери жарадар болушту. Мындан бир апта мурда эле Түркиянын өкмөтү Ирактагы бейпилдик операцияларына катышууну чечкен эле.

XS
SM
MD
LG