Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:53

Саударабияда нааразылык акциясы болду


Баш калаа эр-Риядда жүздөгөн демонстрант оппозиция өкүлдөрүнүн камалышына нааразылык билдиришти. Полиция шаардын борбордук көчөсүндө чогулгандарды союл менен кууп таркатты. Лондондо жайгашкан оппозициячыл Исламдык реформа кыймылы өкмөттүн оппоненттеринин кармалышына байланыштуу демонстрация өткөрүүгө чакырган эле. Күбөлөрдүн айтымында, бир нече киши камакка алынды. Ошол эле мезгилде, саудилик реформисттер өкмөттүн падышалыкта биринчи жолу шайлоо өткөрүү чечимин жылуу кабыл алышууда.

XS
SM
MD
LG