Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:16

ЧЕТ ӨЛКӨГӨ ӨЛҮК САТУУ МАСЕЛЕСИ МЫЙЗАМ ЧЫГАРУУ ЖЫЙЫНЫНДА КАРАЛАТ


Бакыт Аманбаев, Бишкек 1996-жылдан 2001-жылдын ноябрь айына чейин Бишкектеги Медициналык академиядан Германияга 800гө жакын кишинин өлүгү жөнөтүлгөн. Бул маселени соңку бир нече айдан бери иликтеген депутаттык топ шаршемби күнү өз ишин аяктагандыгын жарыялады. Келерки аптада бул маселе Мыйзам чыгаруу жыйынында өкмөт мүчөлөрүнүн катышуусунда талкуулана турган болду.

Депутаттык топтун жетекчиси Акбөкөн Таштанбековдун «Азаттык» радиосуна берген маалыматына караганда, 6 жылдан ашуун убакыт бою Кыргызстандан Германиянын Гейделберг шаарына расмий түрдө документтештирилип 800дөн ашуун кишинин өлүгү жөнөтүлгөн. Анын ичинде Бишкектеги Новопокровка айлындагы түрмөдөн 26 адамдын сөөгү, Молдовановкадагы эки түрмөдөн 300, Чымкоргондогу ооруканадан 100, Бишкектеги паталогоанотомиялык бюродон 254, Сокулук районундагы ооруканадан 10 кишинин сөөгү алынган. Алардын арасында сегиз айга чейинки 19 жаш баланын жана ар түрдүү курактагы чоң кишилердин сөөгү болгон. Өлүктөр Германиянын Гейделберг шаарындагы Гюнтер фон Хагенс атуу адамдын дарегине жөнөтүлгөн. Акбөкөн Таштанбековдун айтымында, өлүктөр Кыргызстандан Германияга товар катары документтештирилип жөнөтүлгөнү бул ишке жогорку даражалуу бийлик өкүлү катышканын айгинелейт жана өлүктөр чоң суммадагы акчага сатылышы ыктымал.

- Карапайым адам мындай нерсени жасай албайт. Керектүү документтер даярдалып, өлүктөр товар катары жөнөтүлгөн. Мындай иштерди кылган адамдардын арасында жогорку даражалуу бийлик өкүлүнүн болушу толук ыктымал, - дейт Акбөкөн Таштанбеков.

Ал эми биринчи вице-премьер-министр, юстиция министри Курманбек Осмоновдун айтымында, азыр бул маселе боюнча кылмыш иши ачылып, тергөө жүрүп жатат.

- Тергөө жүрүп жатат. Эгерде тергөөнүн жүрүшүндө өлүктөрдү чет өлкөгө саткан фактылар аныктала турган болсо, күнөөлүү адамдар сөзсүз түрдө жазасын алышат, - дейт Курманбек Осмонов. Мындай тергөөдөн кандай натыйжа болоорун убакыт көрсөтөт.

XS
SM
MD
LG