Британдык «Independent» гезити шаршембиде серепчи Мэри Дейевскинин макаласын жарыялады. Дейевски айым Вашингтон менен Лондон Бириккен Улуттар Уюмунун Ирак боюнча жаңы резолюцияны кабыл алуусу үчүн ашыгып жатканын белгилейт. Октябрдын 23-24төрүндө Мадрид шаарында донорлордун жыйыны өтмөкчү, анын алдында Бириккен Улуттардын Ирактагы ролу тастыкталган бул резолюция кабыл алынса, анда башка мамлекеттер да Иракты кайра куруу үчүн каражат топтоого өз үлүшүн олуттуураак кошуусу ыктымал экени түшүнүктүү, - дейт Дейевски айым.
Ал эми «Christian Science Monitor» басылмасынын шаршембидеги баш макаласында Ирактагы согуш аяктаган соң башталган жаңы жана реалдуу согуш – саясий мүнөздөгү согуш деп айтылат. АКШ өкмөтү жаңы Иракты курууда олуттуу ийгиликке жетише элек. Оболу АКШ Ирактын чыныгы турмушун айкын үйрөнүп, буга чейинки алдын-ала бычылган үстүрт долбоорлордон арылуусу абзел, - дейт «Christian Science Monitor».
«Jane's Foreign Report” басылмасынын серебинде Евразиянын айрым өлкөлөрүндө саясий династияны – урпактан урпакка өтчү сулалелик бийликти негиздөө үчүн саясий айла-амалдар жасалып жатат деп айтылат. Шаршембиде өткөрүлгөн азери президенттик шайлоосуна 12 күн калганда, көптөн бери сыркоолоп жүргөн 80 жашар Гейдар Алиев өз уулу үчүн талапкердигинен баш тарткан. Казакстанда президент Нурсултан Назарбаевдин кызы Дарига Назарбаева саясий кыймылды түздү. 2004-жылкы парламенттик шайлоо жакындаган чакта, бул дагы сулалелик мурастоого багытталган кадам катары жоромолдонууда, - дейт аталган серептин автору. “Jane's Foreign Report’тун” серебинде Кыргызстандын президенти Аскар Акаевден кийин бийликке анын жубайы Майрам Акаева же алардын уулу келиши ыктымал деген айрым ой жорутуулар да камтылган. “Азаттыкка” быйыл июлда берген маегинде Майрам Акаева өзү тууралуу айтылган мындай жоромолдорду четке какканы да маалым.
Ал эми “Moscow Times” гезити Ирина Петровская айымдын НТВ сыналгы каналынын он жылдыгына арналган макаласын жарыялады. Автордун оюнча, көз каранды эмес сыналгы каналы катары өз нугуна ээ болгон НТВ тээ 1996-жылы эле ачыктан-ачык Борис Ельциндин президенттикке талапкердигин колдоп, калыстыкты, бейтараптыкты талап кылган журналисттик принципти сатып кеткен. Петровскаянын пикиринде, азыркы НТВ каналы өлкөдөгү башка атаандаштарынан анча деле айырмаланбай калды.