Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:48

Борбордук шайлоо комиссиясы Шайлоо кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуш кылууда


БИШКЕК. Өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) чет өлкөлүк маалымат каражаттарына шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүгө тыйуу салган норманы Шайлоо кодексине киргизүүнү сунуш кылууда. Башкача айтканда, анда чет өлкөлөрдө катталган маалымат каражаттары тигил же бул талапкерге ык койгон материалдарды жарыялоо, уктуруу укугунан ажыратылат. Эгерде андай маалымат жарыяланып калса, ал үчүн маалымат каражаты жооптуу болот. БШКнын кызматкери Нина Мухина бүгүн «Азаттыкка» маалымдагандай, мындай сунушка мамлекеттин коопсуздугу, чет өлкөлүк мекемелер менен маалымат каражаттарынын шайлоого катышуусуна бөгөт коюу зарылдыгы себеп болууда. Бирок азырынча БШКнын бул сунушун Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын көпчүлүк депутаттары жана сот бийлигинин өкүлдөрү колдобой тургандыктарын билдиришүүдө.

XS
SM
MD
LG