Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:46

ПРЕЗИДЕНТТИН КАЙРЫЛУУСУ, «ААЛАМ» ГЕЗИТИНИН ЭЛЕКТРОНДУК САЙТЫ, МЕДИАКЕҢЕШТИН ЖЫЙЫНЫ


Президент А.Акаевдин 15-октябрда элге, парламентке кайрылуусу толугу менен өкмөттүк гезиттерде жарыяланды. Мамлекет башчысынын кайрылуусу маалымат каражаттарында ар кыл пикирлерди жаратууда. Анын 2005-жылы өтчү парламенттик жана президенттик шайлоо тууралуу айтканы бир топ жоромолдорду пайда кылды. Сентябрь айында уюшулган Медиакеңештин биринчи жыйыны өттү. Анда маалымат каражаттары менен атуулдук коомдун өз ара карым-катышы талкууланды.

Аптанын башында А.Акаев Борбор Азия чөлкөмүндөгү экологиялык коопсуздук маселесине арналган эл аралык семинарга катышып, анда республиканын эл аралык уюмдарга карызын экологияга такап кечирип жиберүүнү сунуш кылганын бейшембидеги “Слово Кыргызстана” гезитинде Людмила Павлович жазып чыкты. Тышкы карыздарды экологияга багыштап кечип жиберүү тажрыйбасы буга чейин дүйнөнүн 46 өлкөсүндө ишке ашырылган.

Кыргызстандык журналисттердин таламын коргоочу Медиакеңештин мүчөлөрү алгачкы отурумун өткөрүшкөнүн бейшембидеги “Вечерний Бишкек” гезити маалымдады. Жыйында маалымат каражаттары менен атуулдук коомдун ичара мамиле-катышы кандай болушу керектиги талкууланды. Жыйындын катышуучулары уюмдун ишин жүргүзүүчү катчылыкты түзүштү. Медиакеңештин төрагасы болуп белгилүү кинорежиссер, Европа киноөнөр академиясынын мүчөсү Актан Арым Кубат (Актан Абдыкалыков) шайланды. Төрага кеңеш мүчөлөрүнүн арасынан жарым жыл сайын алмашып турушат.

Жума күнү жарыкка чыгуучу “Кыргыз руху” гезитинде “Манас” эпосун иликтөөгө байланышкан айрым жагдайлар жөнүндө Муңдук Мамыровдун макаласы басууга даярдалууда. Басылманын жаңы санында Ж.Жумабаевдин Жалалабад облустук ооруканасынын абалы, саламаттык сактоо мекемесиндеги кедерги көрүнүштөр тууралуу сын макаласы жарыяланмакчы. Гезитте жарыяланып жаткан маегинде Сузак районунун акими Турдуназир Бекбоев айылдыктардын таза суу проблемасы кантип чечилип жатканына токтолгон. Акимдин айтымында, райондогу 128 айыл-кыштактын 82синде таза суу жок. Журналист Маматемин Рыскулов кыргыз чиновниктеринин кайдыгерлигине, карапайым калктын суроо-талаптарына көңүлкош мамиле жасаганына токтолсо, Мелис Кыязов “Күнкарама” деген ой толгоосунда өлкөдөгү саясий жагдай жайында пикирин билдирген.

“Аалам” гезити электрондук сайтын жаңылады. Басылманын жаңы санында жарыяланчу материалдар тууралуу жооптуу редактор Семетей Талас уулу баяндап берет.

- Эдил Байсаловдун жообун жарыялап жатабыз. Биздин кабарчыбыз Элнура Кулуева андан Варшавадан келаткан жолдо интервью алган. 4-5-беттерде кыргыз калкынын патриоттук демин көтөргөн кыргыз руху тууралуу “Кереге кеңештин” кезектеги материалы басууга даярдалууда. Көлдүк депутаттардын катышуусунда “Ысыккөлүм – ийгилигим, арманым” деген суроо-жооп сукбаты өттү. Ал гезитибизде жарыяланмакчы. Дагы бир жаңылык: биздин гезиттин программачысы Сейитмурат Анаркулов кыргыз гезиттеринин арасынан биринчи болуп басылманын электрондук сайтын нукура кыргызча форумга өткөрдү.

- Биздин сайттын дареги – “aalam. gazeta.kg”. Муна АКШдан бир таанышыбыз менен чогуу ачтык. Ачканыбызга 3 күн болду. Сайттын ачылганына өзү бир айдан ашты, -
дейт бул туурасында гезиттин программачысы Сейитмурат Анаркулов.

“Агым” гезитинде жарыяланчу урунттуу материалдардын мазмунун гезиттин башкы редакторунун орун басары Аскер Сакыбаевадан уксак:

- Алым Токтомушевдин “Жолбүгүнү” жарыяланууда. Анда мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимовдун милдети, кызматы, президентке тийгизген таасири жөнүндө сөз жүрөт. Президенттин кайрылуусу тууралуу Мамат Сабыровдун макаласы жарык көрүүдө. Бул кайрылуу абдан супсак, депутаттардын кворуму жок, башкача айтканда, 26 гана депутаттын катышуусунда өткөндүгү, ошондой эле Аскар Акаевдин өзүнүн шайлоого бара тургандыгын айткандыгы тууралуу сөз болот. 17-октябрда Феликс Кулов 55 жашка толот. Буга байланыштуу биздин журналисттер бир топ атуулдарга анын ишмердиги тууралуу пикирин сурап кайрылышкан. Мындан тышкары, Ош шаардык кеңешине шайлоолор мыйзам бузуулар менен өткөндүгүн баяндаган Алишер Токсонбаевдин макаласы да жарык көрмөкчү.
XS
SM
MD
LG