Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:22

Россия Пхеньянды сабырдуулукка үндөдү


МОСКВА. Россия Пхеньянды сабырдуулукка үндөдү. Россиянын тышкы иштер министринин орун басары Юрий Федотов өлкөнүн атомдук программасы боюнча көп тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү Пхеньяндын атомдук программасы жөнүндөгү талашты жөнгө салуунун эң мыкты жолу экенин билдирди. Кечээ Түндүк Корея атомдук бомбасын сыноодон өткөрүп, өзүнүн өзөктүк куралга ээ өлкө экенин бышыктай тургандыгын каңкуулаган эле. Түндүк жана Түштүк Корея, Россия, Жапония, Кытай жана АКШнын катышуусу менен август айында өткөн эл аралык сүйлөшүүлөрдө тараптар маселени диалог жолу менен чечүүгө макулдашышкан. Бүгүн Пхеньянда Түштүк жана Түндүк Кореянын кабинет деңгээлиндеги сүйлөшүүлөрү аяктады. Бирок анын соңунда жасалган биргелешкен билдирүүдө Түндүк Кореянын атомдук программасы жөнүндө сөз болгон жок. Кабинет деңгээлиндеги келээрки сүйлөшүүлөр февралдын үчүнөн алтысына чейин Сеулда өтөт. Ал эми ноябрь айында эки тараптын биргешкен экономикалык сүйлөшүүлөрү болот.

XS
SM
MD
LG