Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:18

Укук коргоочу Турсунбек Акун жана «Аалам» гезитинин редакциясы Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз менен кайрылышты


БИШКЕК. Кыргызстан укук коргоо кыймылынын төрагасы Турсунбек Акун жана «Аалам» гезитинин редакциясы башкалаанын Свердлов райондук сотунун чечимине карата Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз менен кайрылышты. Бул жөнүндө укук коргоочу жана «Аалам» гезитинин башкы редактору Чолпонбек Абыкеев бүгүн «Азаттыкка» кабарлашты.
«Аалам» гезитинин быйыл 13-июнда чыккан санында Турсунбек Акундун «Мелис Эшимкановдун адамдык жана саясий жүзү» аттуу макаласы жарык көргөн. Анда жазылгандарды «адамдык арнамысыма шек келтирди» деп баалап, «Агым» гезитинин ээси Мелис Эшимканов макаланын авторуна жана «Аалам» гезитине каршы доо арыз менен Свердлов райондук сотуна кайрылган. Ал Турсунбек Акундан 2 млн. сом, ал эми «Аалам» гезитинен 3 млн. сом өндүрүп берүүнү өтүнгөн. 19-сентябрда Свердлов райондук соту ишти толугу менен доогердин пайдасына чечкен. Жоопкер тараптагылар болсо райондук соттун чечимин негизсиз деп эсептешет. Алардын айтымында, судья Анархан Базаралиева жоопкер тарап сотко катышпаганына карабастан чечим кабыл алган.

XS
SM
MD
LG