Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:28

ДҮЙШӨМБҮ ШААРЫНДАГЫ БОРБОР АЗИЯ ОЮНДАРЫ


17-октябрда Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында V Борбор Азия оюндарынын таймаштары улантылууда. Бул оюндарда Кыргызстандын командасы кандай ийгиликтерге жетишип жатат?

Тажик жергесинде Борбор Азия оюндары курч мүнөздө өтүүдө. Мындай масштабдуу мелдеш Тажикстанда 20 жылдан бери болбогонун өлкөнүн президент Эмомали Рахмонов да моюнга алып, “спорт - достуктун данакери, тынчтыктын элчиси” экендигин баса белгиледи. Борбор Азиянын V оюндарынын отун тажикстандык Олимпиада жана дүйнө чемпиону Зебунисо Рустамова менен Сайнудин Рахимов жандырышты. Оюндун ачылыш аземинде Кыргызстандын туусун грек-рим күрөшү боюнча эл аралык спорт чебери, XIV Азия оюндарынын күмүш байге ээси Данияр Көбөнов көтөрүп чыкты.

Үч күндүк мелдештин жыйынтыгы боюнча кыргызстандык спортчулар 4 алтын, 8 күмүш жана 8 коло байгенин ээси болушту. Алтын медалды жеңил атлетика мелдештеринде жөө күлүктөр, Азия чемпиону Татьяна Борисова менен Денис Багреев утуп алышты. 100 метрдик жарышта кыргызстандык Антон Калинин менен Елена Бобровская марага экинчи келип, күмүш медаль тагынышты. Жеңил атлеттер Алексей Золотухин, Олег Крилюк жана Светлана Чернова үчүнчү орундарды камсыз кылышты.

Спорт адистери болжогондой, кыргызстандык мергендер мылтык атуу мелдештеринде 2 алтын байгелүү болушту. Бишкектик Руслан Исмаилов жеке таймашта баш байгенин ээси болсо, мергендердин командалык атаандашуусунда да кыргызстандык жигиттер Александр Бабченко, Тахир жана Руслан Исмаиловдор жеңиштин бийик сересине чыгышты.

Борбор Азиянын V оюндарынын дзюдо таймаштарында Кыргызстандын командасы чоң ийгиликтерге жетпеди. Ошентсе да бирден атаандашын уткан Сагдат Сыдыков, Акрамжан Маразыков, Эркин Ибраимов, Бакыт Искаков жана Талант Дүйшөмбиев коло байгелердин ээси болушту. Борбор Азия оюндарынын бокс мелдештеринде кыргызстандык 8 жигит финалдык таймашууга укук алышты. Алар - Гилазиддин Салиев, Тимур Шайлезов, Айбек Абдымомунов, Асылбек Таласбаев, Илья Поликвашев, Кымбатбек Рыскулов, Кантемир Калыбаев жана Шерзот Тургунов. Бул жигиттер казак жана өзбек бокс чеберлерине каршы тура алабы, аны рингдеги таймашуулар аныктаар. Азыр Дүйшөмбүдө эркин күрөш, баскетбол, волейбол, ок атуу, жеңил атлетика, таэквондо мелдештери улантылып жатат.

Жеңип алган медалдардын жалпы саны боюнча биринчи орунда Казакстан баратат. Азырынча анын спортчулары 10 алтын, 7 күмүш, 13 коло байгелүү болушту. Экинчи катарда бараткан Өзбекстандын 7 алтын, 9 күмүш жана 6 коло медалы бар. Борбор Азиянын V оюндарынын кожоюну болгон тажиктер үчүнчү орунда баратышат. Алар 6 алтын, 3 күмүш жана 5 коло байгенин ээси болушту.

17-октябрда грек-рим күрөшү боюнча дагы иргеп алуучу таймаштар башталды. Кыргызстандын намысын кайсыл балбандар коргоп жаткандыгы жөнүндө Күрөш боюнча балдардын спорт мектебинин директору, Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Алмаз Касенов мындай деди:

- Биздин жигиттер дагы жөн келбей байгелүү келишсе деп үмүт кылып турабыз. Дүйнө чемпионаты чукул болуп калып, негизги курамдан Данияр Көбөнов гана кетти. Калгандары келечегинен үмүткөр кылган жаш балбандар. Аларды дагы сындан өткөрүп, таймашка салууну эп көрдүк. 55 кг. салмакта Уран Калиловга атаандаш болуп жүргөн Канат Бердалиев, 60 кг. салмакта Самат деген жигитибиз, 66 кг. салмакта Москвадагы Балдар оюндарында мөрөй алган Максат Алымкулов күч сынашууга чыгышат. 74 кг. салмакта XIV Азия оюндарынын күмүш байге ээси Данияр Көбөнөв, 84 кг. салмакта Эркинбаев Азат жана оор салмакта Алексей Бем деген жигит намыс талашат. Эми биз Уран Калиловду, Канат Бегалиевди жана Жанарбек Кенжеевди дагы Дүйшөмбүгө жиберели деген элек, бирок алар Франциядагы дүйнө чемпионатынын чарчап келгенин эске алып, алардын дагы алдыдагы мелдештерге даярдык көрүшүнө шарт түздүк. Табында турган Даниярды жибердик, ал күрөшкө тойбой турат. Жаштарга кезек бердик. Эми жалпы команданын даярдыгы жоктугун эске алсак, Кыргызстан мурдакыдай байгелүү орундарды ээлей албай калышы мүмкүн. Балдардын көрсөткүчү начар болсо дагы, аларга күнөө кое албайбыз. Себеби, даярдык үчүн каражат берилген жок. Мелдешке барганга гана араң акча табылды. Кыргызстандын экономикалык абалы кыйын болуп, бюджет тартыш болуп турса, кимди күнөөлөйбүз? “Сөзсүз чоң ийгиликтерди алып келгиле” деп айтканга акыбыз да жок.

Ошентип, “грек-рим күрөшүнөн Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан балбандар Уран Калилов, Канат Бегалиев жана Жанарбек Кенжеев Тажикстандагы таймаштарга баратат” деп Кыргызстандын Туризм, спорт жана жаштар саясаты боюнча мамлекеттик комитети тараткан маалымат жалган болуп, алар Дүйшөмбүгө барышкан жок.

Кичи Олимпиадалык оюндар Борбор Азия өлкөлөрүнүн спорттук деңгээлин, чама-чаркын көрсөтүүдө. Бишкектеги III оюндар спорттун 13 түрүнөн өткөрүлсө, Дүйшөмбүдөгү Борбор Азия оюндарында спорттун олимпиадалык 9 түрүнөн аттаандашуулар болууда. Өзбекстандын өтүнүчү боюнча улуттук күрөш кошумча киргизилди. Тажикстандын сууда сүзүү бассейни, кылыч сайышуу, оор атлетика залдары жок болгондуктан жана велоспорттон, оор атлетикадан командасы начар болгондуктан, спорттун 4 түрүн алып коюшту. Бул жагдай тажиктердин пайдасына чечилип, аларга артыкчылык берүүдө.

Кыргызстандык 97 спортчунун даярдыгына каражат берилбегендиктен, атайын машыгуулар болбогондуктан, алар ойдогудай ийгиликтерге жете албай жатышат. Дүйшөмбүдө жалпы командалык экинчи орунга чыгууга эч мүмкүнчүлүк жок. Ал түгүл тажиктер Кыргызстанды туруктуу үчүнчү орундан дагы жылдырып коюшу да ыктымал. Себеби, алар бул оюндарга абдан мыкты даярдык көрүп, өз жергесинде уят болбогонго аракет кылышууда. 3 күндүк мелдештин жыйынтыгы кыргыз спорт күйөрмандарын сүйүнтө албайт. Балким боксерлор, жеңил атлеттер, балбандар, мергендер жакшы ийгиликтерге жетиши мүмкүн. Жалпы командалык эсепте үчүнчү орун үчүн тажиктер менен таймашуу кыйын кырдаалды түзүүдө.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG