Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:08

КЫЗМАТТАШТЫК КОСМОСТО БЕКЕМДЕЛЕТ


Ишембиде Байкоңур космодромунан ичине эл аралык экипажды салган орусиялык "Союз" кемеси учуп чыкты. Анын башкы максаты - эл аралык космостук станцияны жумушчу абалда кармап туруу болмокчу.

Эл аралык экипаж орусиялык космонавт Александр Калери, америкалык астронавт Майкл Фоэл жана Европалык космостук агенттиктин өкүлү, испаниялык Педро Дукеден турат. Экипаж космосто аткарчу миссия тууралуу суроого америкалык астронавт Фоэл төмөндөгүдөй жооп узатты.

- Бул долбоор космостогу эл аралык өнөктөштүктү чыңдоого багытталган. АКШ азыркы тапта өз кемелерин учура албай калганы менен, эл аралык станцияга жеткирилчү зарыл техника, жабдыктар менен камсыздоодо, Орусия биздин сапарды жүзөгө ашыруунун техникалык жагын өзүнө алды, үчүнчү тарап – Испания Европанын космостук агенттиги аркылуу финансылык колдоо көргөзүп, өз космонавтын кошуп отурат.

Ал айткандай, ушул жылдын февраль айында АКШнын "Колумбия" кемеси жерге кайтып келатып, ичиндеги жети астронавттын өмүрүн жайран кылып Техас штатынын үстүнө кулап түшкөндөн тарта НАСА агенттиги космоско учууларды убактылуу токтоткон. НАСАнын өкүлү ушул аптада билдиргендей, АКШлык кемелер кайра келээрки жылдын сентябрында сапарга чыга баштаары күтүлүүдө. Андыктан, ага чейинки бир жыл ичинде Эл аралык космостук станцияны иштен чыгарбаш үчүн керектүү жабдык-жүктөрдү жеткирүү, анда эмгектене турган космонавттарды алмаштырып туруу милдети Орусиянын мойнуна жүктөлөт. Жума күнү Орусиянын "Росавикосмос" уюмунун директорунун орун басары Николай Моисеев менен жолугушуу маалында АКШнын НАСА агенттигинин жетекчилеринин бири Чарль Прекоурт "Шатллдар уча албай жаткан азыркыдай мезгилде бизге колдоо көрсөткөнүңөр үчүн ыраазычылык билдиребиз", - деп белгиледи. Моисеев журналисттерге маалымдагандай, Орусия тарап эки өлкө үчүн пайдалуу космостук миссияларга АКШ каражат жагынан жардам беришине кызыкдар, азырынча бирок НАСАнын өкүлдөрү өлкөнүн мыйзамдарына ылайык, Вашингтон башка өлкөнүн космостук тармагын каржылай албаарына басым жасоодо.

Ишембиде үч башка мамлекеттин космонавттары бир кезде мурдагы Советтер Союзунун эң жашыруун обьекттеринин бири болгон, азыр да орусиялык аскерий базалар менен курчалган Казакстандагы "Байкоңур" космодромунан сапар тартышты. Мындан бир нече күн мурдараак алгачкы космонавты башкарган кемесин космоско аттантып, мурдагы Советтер Союзу менен Америкадан кийин андай ишке батынган үчүнчү мамлекет болуп калган Кытай бул тармактагы ишмердигин өтө жашыруун деңгээлде жүргүзсө, Орусия соңку жылдары космостук программалары жөнүндө кенен-кесири маалымдап калган. Атүгүл, Советтер Союзу кулагандан кийин өтө дымактуу жана ысыраптуу космостук тармагын жетиштүү түрдө каржылай албай калганын айтып, "Росавиакосмос" мындан бир нече жыл мурда ашкере бай туристтерди космоско саякаттатуу демилгесин көтөргөндө, бир катар мыскылдуу сын пикирлерге кабылганы көпчүлүктүн эсинде. Азыр эми, алдыдагы бир жыл ичинде Эл аралык космостук станцияны иштен чыгарбай кармап туруу милдети жүктөлүп, Орусиянын бул тармактагы бедели көтөрүлө түшкөнсүдү. Бул иштерге көптөн бери тийиштүү акча төлөп, Орусиянын кемелеринде орун сатып алып, өз космонавттарын илимий максаттарда пайдаланып келаткан Европанын космостук агенттиги дагы да аралашаары шексиз. Бул ирет Европанын атынан учуп кеткен испан Педро Дуке 28-октябрда эл аралык станцияда апрелден бери иштеп жаткан Евгений Маленченко жана Эдвард Лу менен кошо кайра кайтып келет. Аларды космосто алмаштырчу орусиялык Александр Калери менен америкалык Майкл Фоэлдин сапары план боюнча 194 күнгө созулмакчы.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     
XS
SM
MD
LG