Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:26

Жалалабад облусуна АКШдан кайрымдуулук жардамы келип түштү


ЖАЛАЛАБАД. Облустагы Атуулдук коомду колдоо борборунан бүгүн алынган маалыматка караганда, «АКШнын эли - Кыргызстандын элине» деген программанын алкагында облуска «Каунтерпарт Консорциум» уюму топтогон кайрымдуулук жардамы келип түштү. Анда 337 кишиге эсептелген, балдарга жана чоңдорго ылайык кышкы жана жазгы кийимдер бар. Келген жардамдын жалпы баасы - 112600 доллар. Ал Жалалабаддагы кайрымдуулук борбору аркылуу облустагы муктаж болгон атуулдарга таркатылат. АКШдан келген жардамдын бир бөлүгү балдардын нейропсихикалык диспансерине, Сузак районундагы карылар жана жетим балдар үйлөрүнө жеткирилет. «Каунтерпарт Консорциум» 1994-жылдан бери облустагы жардамга муктаж атуулдарга ушундай колдоо көрсөтүп келатат.

Кабарлар топтомун Бишкектен даярдаган Азиза Турдуева.

Редактор - Жыргалбек Касаболотов.

XS
SM
MD
LG