Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:36

«Торугарт» чегара-кайгуул бекетине электр жарыгы тынымсыз берилмек болду


БИШКЕК. Нарын облусундагы «Торугарт» чегара-кайгуул бекетине электр жарыгы мындан ары берилип турмак болду. Анткени Тайлак баатыр атындагы Нарын чек ара бөлүгүнүн жоокерлери өз күчү менен ал жерге 160 киловаттык трансформаторду ишке киргизишти. Бул жөнүндө маалымат бүгүн Чегара кызматынан алынды. 20 жылга жакын убакыт бою «Торугарт» чегара-кайгуул бекетине элект жарыгы дизелдик электр станциясынан маал-маалы менен гана берилип келген. Жылына бул бекетте 60 тонна дизел майы, 300 тоннага жакын көмүр жагылчу. Чегара кызматынын жетекчилиги кыргыз-кытай чегарасындагы калган 4 бекетти да электр жарыгы менен үзгүлтүксүз камсыз кылууну пландаштырууда. «Торугарт» чекара-кайгуул бекети - кыргыз-кытай чек арасын коргоо системасындагы стратегиялык мааниси бар объектилердин бири. Ал деңиз деңгээлинен 3573 метр бийик жайгашкан.

XS
SM
MD
LG