Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:04

Бишкектеги конференцияда үй-бүлөдөгү зомбулукка каршы күрөштүн багыттары такталды


БИШКЕК. Бүгүн Бишкекте «Үй-бүлөдөгү зомбулукка коомчулуктун көңүлүн бурууну координациялоо» аттуу регионалдык конференция өз ишин аяктады. Ага Борбор Азия өлкөлөрү менен Монголиянын адистери катышты. Конференцияда алар үй-бүлөдөгү зомбулукка коомчулуктун көңүл буруу жаатында тажрыйба алмашып, долбоорлордун стратегиясын аныкташты. Жыйында коомдук уюмдар менен мамлекеттик мекемелердин кызматташтыгы боюнча программалар жана долбоорлор талкууланды. Мындан тышкары, конференцияда бул социалдык көйгөй боюнча улуттук жана регионалдык программалардын багыты такталды.


Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Бүбүкан Досалиева жана Бакыт Аманбаев

Редактор – Жыргалбек Касаболотов

XS
SM
MD
LG