Бул тууралуу кытайлык ишкерлерге казак мунайындагы өз акцияларын саткан АКШлык "ШевронТексако" компаниясы жарыялады. Маалыматка караганда, Түндүк Бузачи кениндеги мунайдын запасы болжол менен 1 жарым миллион баррелге бааланат. Кытайдын улуттук мунай компаниясына Казакстандагы 3-ири мунай өндүрүүчү саналган "Актөбөмунайгаз" ишканасынын көпчүлүк акциялары да таандык. "ШевронТексаконун" өкүлдөрү компания узак-мөөнөттүү стратегиялык максаттардан улам, казак мунайындагы үлүшүнүн 65%ын кытайлык ишкерлерге сатууну туура тапканын билдирди.