Иран уранга байланыштуу иштерин токтотуп, өзөктүк ишканаларын эл аралык инспекциянын текшерүүсүнө уруксат берет. Бул тууралуу Ирандын Жогорку Кеңешинин улуттук коопсуздук катчысы Хасан Раухани Франциянын тышкы иштер министри Доминик де Вильпен, Британиянын тышкы иштер катчысы Жек Стро жана Германиянын тышкы иштер министри Йошка Фишер менен Тегеранда болгон жолугушуудан кийин билдирди.
20-октябрга чейин Иран өзөктүк куралды жайылтпоо тууралуу келишимге ылайык кошумча токтомго кол коёорун Раухани маалымдады.
Эл аралык өзөктүк кубат агенттигинин басма сөз өкүлү Мелисса Флеминг “Азаттыкка” мындай деп айтты:
- Жакынкы күндөрү, 31-октябрга чейинки аралыкта Ирандан күтүлгөн иш аракет – бул Ирандын өзөктүк программаларына таандык болгон ишмердүүлүгүн анын бардык тармактары боюнча ачык көрсөтүүсү.
Аталган агенттиктин башчысы Мохамед ал-Барадейи Ирандын соңку чечимине канааттанганын билдирди. АКШ да Иран эл аралык коомчулуктун талабына баш ийсе, дурус кадам жасаарын айтты. Кошмо Штаттар Иранды тымызын түрдө өзөктүк курал жасоого далаалаттанып жатат деп айыптап келет.