ТАЛАС. Өткөн жылдын 9 айында облус боюнча 88 адам ушундай ооруга чалдыкса, быйылкы жылдын 9 айында андай адамдардын саны 137ге жеткен. Мунун ичинен он тогузу - жашы он төрткө чыга элек балдар. Бул жөнүндө бүгүн облустук ветеринария департаментинин башчысы Тургунбек Сыдыков «Азаттыктын» кабарчысына маалымдады. Анын айтымында, оорунун тез таралышына базарлардагы эт, сүт сатылуучу соода түйүндөрүндөгү антисанитариялык абал, вакциналардын жетишсиздиги, оорунун алдын алуучу иш-чаралардын начар жүргүзүлүшү себеп болууда.