Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:34

Ооганстанда аялдарга арналган дагы бир радиостанция ачылат


КАБУЛ. Ооганстандын Герат шаарында аялдарга арналган алгачкы радиостанция келерки шейшембиден баштап берүүлөрүн обого чыгарат. Бул өз берүүлөрүн аялдарга арнаган үчүнчү станция болот. Алгачкы экөө март айынан бери иштеп жатат. Аялдар жана Социалдык Маселелер боюнча Ассоциациясынын директору Хулан Хатабинин айтымында, бул радиостанциялар аялдардын өз укуктарына иш жүзүндө ээ болуусуна салым кошот. Гераттагы радиостанция өз берүүлөрүн аялдар маселесине, ден соолук, балдарды тарбиялоо, билим берүү, аялдардын коомдогу ролун жогорулатуу сыяктуу суроолорго арнайт.

XS
SM
MD
LG