Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:15

ОРУСИЯ ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАНА ТҮРКИЯНЫН ӨКМӨТ БАШЧЫСЫНЫН КЫРГЫЗСТАНГА КЕЛИШИ , КОМПЬЮТЕР САНААСЫ, СОТТУК ТӨЛӨМДҮН БААСЫ


23-октябрда Кыргызстанга Орусиянын президенти Владимир Путин келди. Кыргыз басылмаларынын текши баарында кызуу комментарийге алынган тема Орусиянын Канттагы авиабазасы, орус-кыргыз ишкерлеринин экономикалык жыйыны болууда. Анын алдында Кыргызстанга келип кеткен Түркиянын өкмөт башчысынын иш сапарынын натыйжасын, эки өлкөнүн экономикалык кызматташтыгын талдаган макалалар кыргыз басылмаларында арбын жарыяланууда. Кант кызылчасын өстүргөн Сары өзөн Чүй дыйкандарынын түйшүгү, Кыргызстанда сатылган компьютерлерде кыргыз арибинин зарылдыгы, соттук төлөмдүн баасы жана башка башка маселелер да кыргыз басылмаларында чагылдырылып атат.

Орусиянын президентинин Кыргызстанга келиши кыргыз басылмаларынын негизги темасы болууда. Советтер Бирдиги ыдырап, советтик республикалар өз алдынча болгондон бери орус президенттеринин ушуну менен Кыргызстанга үчүнчү ирет келиши. Борис Ельцин кызматта турганда 1996-жылдын 26-мартында Кыргызстанга расмий иш сапары менен келген. 2002-жылдын 5-декабрында Владимир Путиндин биринчи расмий иш сапары башталган. “”Биздин аймак менен дүйнөдө баары бейкут” деп кенебей жатаар чак эмес, - деп жазат “Слово Кыргызстана” гезитинде Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Кемелбек Нанаев. - Ооганстандагы антитеррордук операциянын качан аяктаары белгисиз. Кыргызстандын түштүгүндө 1999-2000-жылдары өткөн калабалуу окуя кайра кайталанбайт деп айтыш кыйын. Кыргызстан менен Орусиянын ынтымакташтык мамиле-катышы Канттагы авиабаза аркылуу бекемделип, коопсуздугу катуу корголот. Кыргызстан Орусиянын бул чөлкөмдөгү ишенимдүү тиреги болуп калды”.

Түркиянын өкмөт башчысы Режеп Тайып Эрдоган Кыргызстандын жетекчилери менен эки өлкөнүн экономикалык мамиле-катышын жакшыртуунун жолдорун талкуулаганын “Слово Кыргызстана” гезитинде Тамара Слащева жазып чыкты. Анын жазганына караганда, Түркия Кыргызстандын эл аралык “ТРАСЕКА” транспорт долбооруна катышуусуна кызыкчылык артууда. Түштүк-Чыгыш Азиядан башталып, Борбор Азиядан Түркияга өтүп, андан Европага чыкчу темир жол Улуу Жибек жолун жаңыртат.

Чүйлүк дыйкандар быйыл өстүргөн кант кызылчасын заводго өз маалында өткөрүп, бирок акысын убагында ала албай жатышканын “Вечерний Бишкек” гезитинде Виктор Мурзов жазып чыкты.

Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты өмүрбек Текебаевдин Кыргызстанда сатылчу компьютерлерде кыргыз ариби болушун талап кылган мыйзамдык демилгеси адистердин каршылыгына кабылганын бейшембидеги “Общественный рейтинг” гезити жазды. Басылмада соттук төлөмдүн баасы болгону 10 сомду түзөөрүн, ошондуктан гезиттерди ири суммадагы айыппулдарга жыгуу тенденциясы күчөп баратканын, бул түйүндү чечиш үчүн “Мамлекеттик алым тууралуу” мыйзамга өзгөртүү киргизүү керектигин ырастаган редакциялык макала жарыяланган.

“Кыргызстанда 12 жыл ичинде коомдук көзөмөл жоюлуп, калк бийликтен ажыратылды, баарын мамлекеттик аппарат башкарып калды”, деп белгилейт М.Алымбеков 23-октябрдагы “Трибуна” гезитинде жарыяланган “Система президентке каршы” деген макаласында. Автордун пикиринде, жагдайдан чыгыш үчүн бейөкмөт уюмдардын баркын көтөрүп, маалымат каражаттарынан алынчу 20% кошмо нарк салыгын жоюп салыш керек.

Жума күнү жарыкка чыгуучу “Аалам” гезитинде Борбор Азиядагы жагдай тууралуу орусиялык адистердин пикири кандай экенин маалымдаган Элнура Кулуеванын макаласы басууга даярдалууда. Басылмада Чолпонбек Абыкеевдин кыргыздын үч байлыгынын - тилинин, маданиятынын, жеринин баалуулугу тууралуу ой жүгүртүүсү да жарыяланмакчы.

Укук коргоо органдарынын кыңыр иштери, Ош шаардык кеңешине депутаттарды шайлоо учурундагы көз боемочулуктар жөнүндө жума күнкү “Кыргыз руху” гезитинде сын материалдар чыгат. Басылмада Түркиянын өкмөт башчысы Р. Эрдоган менен Орусиянын президенти В.Путиндин Кыргызстандагы иш сапарларынын натыйжасын талдоого алган журналист Мелис Кыязовдун макаласына да орун берилген.

“Агым” гезитинин башкы редакторунун орун басары Аскер Сакыбаева бул басылмада жарыяланып жаткан айрым материалдар тууралуу мындайча айтып берди:

- “Агымдын” жарык көрчү санында байлар жөнүндө Мамат Сабыровдун макаласы жарыяланууда. Алым Токтомушевдин Салижан Жигитов менен маеги кыргыз тилинин проблемаларына арналган. Кесиптешибиз Эрнис Назаловдун капыстан мерт болушун Оштогу кабарчыбыз Алишер Токсонбаев иликтеп, анын ага-туугандарынан сурап, окуянын чоо-жайын баяндаган макала жазган. Ошол макала жарык көрүүдө.
XS
SM
MD
LG